Куланак айлынын башкы жолу. Сүрөт: Дилде Шатанова

Нарындын Куланак айлынын тургундары мектепке балдарын жалгыз жиберүүдөн кооптонушат. Анткени айылда тротуар жок жана окуучулар унаа жолу менен басууга аргасыз. Айыл өкмөтү жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууга каражат жоктугун айтат.

Куланакта 3 миңдей калк жашайт. Айылдын башкы жолу Нарын шаары менен Ак-Талаа районун байланыштырып турат. Жолдон күн сайын жүздөгөн автоунаалар өтөт.

Тургундар союз учурунда айылда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар болгонун айтышат. Бирок убакыттын өтүшү менен алар жараксыз абалга кептелип, бул күндөргө чейин оңдолбой калган. Ал эми айрым тургундар болсо тротуар жолдорун тосуп, кээ бирлери дүкөн салып, дарбазаларынын алдына топурак төктүртүп, курулуш материалдарын жыйнап алышкан.

«Тротуар ыйлагындай абалга кептелген»

Пенсионер Чынаркул Абдрасулова 1980-жылдары мектепке тротуар менен барып келчүбүз дейт.

«Анда мен 15-16 жашта элем, тротуар жаңы салынган болчу. Мектепке, сууга барганда да тротуар менен басчубуз. Учурда тротуар ыйлагыдай абалга кептелген, элдер каалагандай тосуп алышкан. Неберелерди мектепке жибергенден коркосуң», — деп кейиди ал.

Нарынгүл Асыкбаева айрым жашоочулар жөө жүргүнчүлөр басчу жолду тосуп алышканына нааразы. Ал жергиликтүү бийлик тосулган жерлерди кайтарып, тротуарды калыбына келтириши керек деп эсептейт.

«Куланак айылынан көптөгөн машинелер Ак-Талаага, Казарманга өтүшөт. Ошондуктан, ушул чоң көчө менен басуу адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Айыл өкмөтү маселени көзөмөлгө алып, жөө жүргүнчүлөргө да шарт түзүп бериши керек», — деп түшүндүрдү Асыкбаева.

Эки баланын энеси Жеңишгүл Алиеванын тун уулу биринчи классты аяктап жатат. Уулу мектепке жаңы киргенде өзү алып барып, кайра алып келип турчу экен. Анткени, тротуар жоктугунан баласынын коопсуздугуна кабатырланчу. Азыр уулун жолдун чети менен басууга үйрөтүп койгон, себеби аны дайыма коштоп барууга шарты жок.

Тротуардын жолуна кум төгүп коюшкан. Сүрөт: Дилде Шатанова

«Дүкөндү алууну талап кылышса жылдырууга даярмын»

Муктарбек Досматовдун дүкөнү тротуарда жайгашкан. Ал союз маалындагы тротуарлар жараксыз абалга келгендиктен, анын бары-жогу деле билинбей калган дейт. Эгерде айыл өкмөтү эскертүү берсе, дүкөндү жылдырууга даяр экенин билдирди.

«Айыл өкмөтү тарабынан эскертүүлөр берилген эмес. Жергиликтүү бийлик дүкөн туура эмес жерде жайгашканын айтып, алууну талап кылса жылдырууга даярмын. Тротуарды калыбына келтиришсе жакшы болмок», — дейт Досматов.

Максат Салатбек уулунун курулуштан калган кыштары дарбазанын сыртында турат. Эски тамын бузгандан кийин кыштар короосуна батпай калып сыртка чыгарган экен. Ал жергиликтүү бийликтен эскертүү алганы менен кышты тротуардан ала элек.

«Кагаз түрүндө эмес ооз эки эскертүү берип кетишкен. Былтыр кыш тротуардын баарын каптап калган болчу. Тең жарымын алдым, кыш келип калып жетишпей калдым, эми калганын алам», — деп ишендирди ал.

Куланак айлынын башкы жолу. Сүрөт: Дилде Шатанова

«Тротуар айыл өкмөтүнүн карамагына кирет»

Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Жакыпбек Кеңешбеков тротуарларды тосуп алган фактылар айыл жергесинде көп катталганына токтолду.

«Куланакта эле эмес башка дагы айылдарда жашоочулар тротуарларды тосуп алышкан. Бул боюнча айыл өкмөттөргө сунуштарды беребиз. Алар жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, тосуп алган жерлерди бошотуп, жөө жүргүнчүлөргө шарттарды түзүшү керек. Тротуар айыл өкмөттүн карамагына кирет», — деди Кеңешбеков.

Анын айтымында, жол кырсыктарын алдын алуу үчүн башкармалык айыл жолдорунда саатына 60 чакырым, мектептин айланасында саатына 40 чакырым ылдамдык менен айдаш керек деген жол белгилери орнотулган.

Мындан тышкары, Кеңешбеков башкармалыктын кызматкерлери айылдагы мектептерге барып, жаш жөө жүргүнчүлөргө жол эрежерели боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушаарын кошумчалады.

Айрым тургундар тротуарды тосуп алышкандыктан мектеп окуучулары жолдун чети менен басышат. Сүрөт: Дилде Шатанова

«Тротуарды оңдоого айыл өкмөттүн чамасы жетпейт»

Учкун айыл аймагынын башчысы Осмонбек Өмүралиев тротуардын жалпы узундугу 2-2,5 километрди түзөөрүн билдирди. Ал тротуар жараксыз абалга кептелгенин ырастап, бирок жергиликтүү бюджеттен аны оңдоого акча каралбаганын түшүндүрдү.

«Жолдорго шагыл төгүүгө гана каражат бөлүнгөн. Жылына эң негизги маселелерге гана каралат да, тротуарды оңдоого айыл өкмөттүн чамасы жетпейт», — деди айыл башчы.

Райондун акиминин биринчи орун басары Жаныш Ибраимакун уулу жергиликтүү бюджетке бөлүнгөн каражат социалдык объектилерди камсыздоого гана жетээрин ырастады.

«Айылдын бюджеттери мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыздоого, мектеп жана бала бакчаларды жылытууга, социалдык объектилердин электр энергиясын төлөөгө жумшалат. Бардык эле айылдарда ушундай абал», — деди Ибраимакун уулу.

Куланактагы тротуар жараксыз абалга кептелген. Сүрөт: Дилде Шатанова

«1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат»

2019-жылдын январынан тарта кабыл алынган жаңы Бузуулар кодексинин 96-беренесине ылайык «Бөлүнүп берилген же бекитилген жер тилкесин өз билемдик менен кеңейтүү» үчүн 1000 сом айып пулга жыгуу каралган.

Айыл өкмөттөн тротуарды тосуп алган тургундарга жакын арада эскертүү берилээрин айтышты.

«Бизде жети кишиден турган комиссия бар. Алар жакын арада айылды кыдырып эскертүүлөрдү беришет. Эскертүүдөн кийин тротуар тазаланбаса же болбосо ирээтке келтирилбесе, анда аларга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынат», — деди Өмүралиев.

Тосулган тротуардын айланалары бошотулганы менен аны оңдоп-түзөбөсө тургундар чоң жол менен басууну уланта бериши мүмкүн. Анткени кыш, жаз жана күз айларында тротуар жолдору баткакка толуп ыңгайсыздык жаратат.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы