«Акча жетишсиз». Маданият министрлиги туристтер үчүн жол көрсөткүчтөрдү орнотууга 10 млн сомго краудфандиң жарыялады

Оштогу туристтик жол көрсөткүчтүн үлгүсү. Сүрөт: Максат Дамир уулунун фейсбугу

Краудфандиң (ред. — элден акча чогултуу) идеясы тууралуу Маданият министрлигине караштуу туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу жазып чыкты. Туристтер үчүн өлкө боюнча жалпысынан 200дөн ашуун жол көрсөткүчтөрдү орнотуу пландалууда. Бул максатты ишке ашыруу үчүн 10 млн сом керектелет. Тагыраагы, бир жол көрсөткүч тактачасынын баасы 50 миң сомду түзөт.

«Төгүмдүн суммасы 1 сомдон баштап, чексиз. Акча кошкондор бул жол көрсөткүчтөрүн кайда же кайсы жерге койсо болоорун сунуштай алышат», — деп айтылат Дамир уулунун билдирүүсүндө.

Анын пикири боюнча, мындай тактачалардын жардамы менен «саякатчылар белгиленген жерге тез жана туура жол менен жетип ала алышат, өз кезегинде алар Кыргызстан жөнүндө жакшы ойдо калышат».

Акчаларды бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө үчүн жумушчу топ түзүлөт.

Дамир уулу «Клоопко» курган маегинде, краудфандиң тажрыйбасы АКШ жана Европа өлкөлөрүндө колдонулуп келет деп түшүндүрдү. Ал Америкада кээ бир жарандар полиция үчүн акчаларды ыктыярдуу кайыр садагага беришет деп мисал келтирди.

«Кыргыздарда туугандар акча жыйнап же [чогуу] кимдир бирөөгө үй курушканда ашар деген түшүнүк бар. Бизде каржы ресурстары жетпей жатат, жол көрсөтүүчү тактачаларды орнотуудан баштап жолдорду куруу менен бүткөн маселелерибиз көп», — деди ал.

Анын айтымында, бир жол көрсөткөчтү жасоо жана орнотуу үчүн болжолдуу 50 миң сом сарптала тургандыгы дат баспас материалдан жасалуучу тактачанын сапаты жана функционалы менен түшүндүрүлөт.

«Жол көрсөтүүчү тактачаны Ат-Башы же Баткенге коюш үчүн аны Бишкектен алып баруу керектелет. Бул транспорт чыгымдары да. Каржы бөлүгү, бардыгы ачык-айкын болот, эч ким эч нерсени жашырайын деген жок. Ал эми 50 миң сом — бул алдын ала эсептөө, акыркы сумма мындан аз болушу да мүмкүн», — деди Дамир уулу.

Ал кошумчалагандай, эгер туризм департаменти 10 млн сом чогулта албай калса, анда алар каалоочулардан чогулган суммага тактачаларды орнотушат.

«Эгер биз жок дегенде бирөөсүн коюп алсак, ал да жакшы. Баары бир муну кылабыз, артка жол жок [...] Биз [жол көрсөткүчтөрдүн] натыйжалуулугун көрдүк, ошондуктан ушундай краудфандиң жарыялоону чечкенбиз», — деди Дамир уулу.