«Ата Мекендин» мурдагы юристтери Атамбаевге 10 млн сом төлөшпөйт — Жогорку сот

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы юристтери Канатбек Азиз менен Таалайкүл Токтакунова 16-май күнү Жогорку сотто экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аларга каршы койгон доомат иши боюнча отурумда жеңип чыгышты.

Демек, Жогорку сот Азиз менен Токтакунованын актыгын тааныган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып, Атамбаевге төлөнө турчу 10 млн сомду жокко чыгарган.

«Эми мен өзүм да, Таалайкүл да ага [маалыматты] төгүндөөгө да, акча берүүгө да милдеттүү эмеспиз. Биздин эсептер камактан чыгарылды, андан тышкары, чет жакка чыгууга да чектөө алынды», — деди «Клоопко» Азиз.

Ал Жогорку соттун чечими Алмазбек Атамбаевдин учурда президент Сооронбай Жээнбеков башында турган бийликтин оппозициясында болуп атканына байланыштуу эмес экенин кошумчалады. Саясатчылар өткөн жылдан бери ачык араздашууда.

«Атамбаевдин режими алмашкандан кийин акыйкат сотко жетишебиз деп ишенгенбиз. Биз жетиштик», — деди Азиз.

Атамбаев «Ата Мекендин» мурдагы юристтерин алар экс-президенттин жана анын айланасындагылардын 2017-жылы январда Дача-СУ кыштагында кулаган түрк аба жолдорунун учагындагы жүккө тиешелери бар деп айтып чыгышкандан кийин сотко берген.