Али Ван Дамм каймана аты менен таанылган он жаштагы Мухаммед Али Кара-Суу районунун тургуну. Жети жылдан бери гимнастика менен машыгып келет. Ал апрелде Орусиянын «Баарынан мыкты» телеберүүсүнө катышып, интернет жылдызына айланды.

Мухаммед Алини кичи мекенинде Али Ван Дамм деп таанышат. Анткени ал бала чагынан эле Жан-Клод Ван Даммды кумир тутуп, гимнастика менен машыгып келет. Анын машыктыруучусу атасы.

«Беш жашымдан бери турникке тартынып, үч жашымдан бери шпагатка олтурганмын. [Гимнастиканы] атам үйрөткөн. Инстаграм аркылуу Ван Даммдын [машыгууларын] көп көргөм. Анда кызыгуум күч эле, кийин турникке өттүм. Биринчи жеңил, кийин кыйын көнүгүүлөрдү жасай баштадым», — дейт Мухаммед Али.

Он жаштагы спортчу бош убактысын бир гана машыгуу менен өткөрөт. Күнүнө жок дегенде спортко эки сааттай убактысын бөлөт. Мухаммед Алинин спорттук залы өз үйүнүн короосу.

Атасы Хаятбек Хасанахунов уулу менен сыймыктанаарын жашырбайт. Ал Мухаммед Али келечекте чет өлкөдөгү спорт мектептеринде машыкса деп тилек кылат.

«Кышында сыртта машыга албай калганынан, үйдүн ичиндеги бөлмөгө турник жасап бергенмин. Матрас жок болгондуктан, астына жууркан салып берет элем», — дейт Хасанахунов.

Мухаммед Али атасы менен

Тынымсыз машыгуулардын жыйынтыгы менен Мухаммед Али апрелде Орусиянын «Баарынан мыкты» телеберүүсүнө катышып келди. Аны авторлор инстаграм баракчасынан байкап, чакыруу жиберишкен.

«Алгач скайптан маектештик. Эки күндөн кийин уюштуруучулар “биз сизди куттуктайбыз! Сиздин уулуңуз сынактан өттү” деп жазып жиберишиптир. Анан кубанганымдан үйдө катуу кыйкырып, бийлеп жибердим», — дейт атасы.

Жаш спотчу конкурска катышуу үчүн эки айдын ичинде орус тилин үйрөнгөн. Ушул сынактан кийин кичинекей Али Вандаммдын жылдызы жанган. Алдыда ал Украинадагы «Х фактор» сынагына катышууну пландоодо. Мухаммед Алинин кыялы болсо, кумири Жан-Клод Ван Дамм менен жолугушуу.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы