Эмне болду? Президент Сооронбай Жээнбеков 16-май күнү экс-президенттерден кол тийбестикти алуунун жол-жоболору жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ мурдагы өлкө башчысын сот акыйкатынын алдында коргоодон ажыратып, жоопкерчиликке тартып коюуга мүмкүн жаңы жол-жоболорду киргизет — бирок ал президент болуп турган учурда жасаган иштери үчүн гана.
Ошондой эле, мыйзам мурдагы президенттерге саясий ишмердик кылууга тыюу салат. Мисалы, партиянын мүчөсү болууга же ага жетекчилик кылууга — бул үчүн аны бардык экс-президенттерге кепилденүүчү өмүр бою камсыздоодон ажыратып коюулары мүмкүн.
Кыргызстанда экс-президент макамын алып жүргөн эки эле адамда бар. Алар: 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстанды башкарган Роза Отунбаева жана 2011-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган Алмазбек Атамбаев.
Бул мыйзам эмне үчүн керек?
Расмий түрдө — Кыргызстандын мыйзамдарында экс-президентти ал өлкө башчысы болуп турган кезинде жасагандары үчүн жоопкерчиликке тартуунун формалдуу процедурасы болушу үчүн керек. Мыйзам кабыл алынганга чейин мындай жол-жоболор жок болчу, анткени экс-президент иммунитетке, сот адилеттигинин алдында коргоого ээ болчу.
Эгер бейрасмий түрдө болсо, Кыргызстандын саясий айдыңында бул мыйзамды ага карата пайдалангысы келип жатышкан бир гана саясатчы бар — ал Алмазбек Атамбаев (бирок бул жерде айрым бир өзгөчөлүктөр бар — алар жөнүндө төмөндө айтылат). Аны менен Кыргызстандын бийлиги, тагыраагы президент Сооронбай Жээнбеков эң эле жакшы мамиледе эмес — Атамбаев менен Жээнбеков өткөн жылдын башынан бери араздашып келишүүдө.
Экс-президенттерге иммунитеттин эмне кереги бар?
Экс-президенттин кол тийбестигинин мааниси президенттик мөөнөтү учурунда талаштуу чечимдердин кесепеттеринен корголушунда, мисалы, эгер андан кийин бийликке каршылаштары келип калган болсо.
Бирок жаңы бийлик кандай гана болбосун мыйзамдарда экс-президентти далилденген кылмыштар менен укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берген жол-жоболор болушу керек деп эсептешкен.
Муну түшүнүү акырындык менен келген — башында процедураны киргизүү парламентте талкууланган, андан соң мыйзам долбоору демилгеленген, ал эми 2018-жылы күзүндө болсо Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө ченем башмыйзамга карама-каршы келет деп токтом кылган. Негизинен Конституциялык палатанын чечими мыйзамды өзгөртүүгө биротоло жактыруу болуп калган.
Мыйзам учурдагы экс-президенттерге тиешелүү болобу?
Айтыш кыйын. Мыйзамда ал экс-президенттердин 2007-жылдын 23-октябрынан тарта жасаган бардык кыймыл-аракеттерине жайылтылат деп жазылган. Бир жагынан бул укук системасындагы кайтарым күчтүн принциптерине каршы келиши мүмкүн. Башка жагынан — юристтердин бир бөлүгү кээ бир учурларда буга жол берилет деп айтышууда.
Кайтарым күчтүн принциби: Сизди мыйзам бузгандан кийин иштеп баштаган ченемдер боюнча күнөөлүү деп таап же жазаны күчөтүп коё алышпайт. Мисалы, Айбек банк карактап, бул үчүн беш жылга эркинен ажыратылып, ал эми өкүм чыккандан кийин мындай кылмыш үчүн аз дегенде 7 жылдык абак мөөнөтүнө кесилиши керек делген ченем пайда болду деп коёлу. Бул учурда жаңы эрежелер Айбекке тиешелүү болбойт жана ал өз абак мөөнөтүн өтөп чыгат. Бирок эгерде, мисалы, 2015-жылдан тарта соттолгон каракчылардын абак мөөнөтү бир жылга кыскартылат деп айтылган мунапыс тууралуу мыйзам пайда болсо, анда бул ченем Айбекке тиешелүү болуп калат жана ал 5 жыл эмес, 4 жыл отуруп чыгат.
Бул жерде карама-каршылык төмөнкүдөй: мыйзамдардын күчүнө кирүү мөөнөтүн өткөн даталар менен койсо болот, бирок алар боюнча жоопко тартууга болбойт. Анткени муну менен жарандын абалы начарлайт (бул учурда экс-президенттин).
Азырынча юридикалык чалды-куйдуулук кала берүүдө. Адатта мындай талаштуу маселелерди Конституциялык палата же жылдар бою калыптанып келген соттук тажрыйба чечет — азыр мунусу да тигиниси да боло элек.
Анда Акаев менен Бакиевди имунитеттен кантип ажыратышкан?
Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кол тийбестиктен 2010-жылдын апрель айындагы революциядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт ажыраткан. Мындан кийин Кыргызстанда Бакиевдин үстүнөн сот процессин башташкан, бирок ал Белоруска качып кеткен эле.
Убактылуу өкмөттүн кыймыл-аракеттери канчалык мыйзамдуу болгону — бул татаал суроо. Акаевдин да, Бакиевдин да бийликтери революциянын жүрүшүндө күч менен кулатылган, ал эми бийликтин мындай жол менен алмашуусу учурунда жана алмашкандан кийинки эң биринчи мезгилде мыйзамдардын кандай иштээри конституцияда жазылган эмес.