Иманкадыр Рысалиев. Видеодон алынган скриншот RFE / RL

«Ачык өкмөт» уюмунун төрагасы жана ошондой эле өкмөт башчысынын бажасы Иманкадыр Рысалиев «Азаттыкка» кеңири маек курду. «Клооп» анын айткандарын кыскача баяндап берет.

Контекст: Рысалиев мамлекеттик «КТ Мобайл» байланыш операторунун айланасындагы чыр-чатактын шартында интервью берди. Май айынын ортосунда коомдук тармактарда компаниянын жетекчилигинин маяналары делген маалымат таркап кеткен. Анда менежерлер айына 300 миңден 350 миң сомго чейин айлык алып турушканы делген. Кийинчерээк «КТ Мобайлдын» башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу — Рысалиевдин баласы жана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кайын иниси экени белгилүү болгон.

«КТ Мобайл» тууралуу

Ооба, менин «КТ Мобайлга» түз тиешем бар, ал жакта менин уулум иштейт (ред. — Эрназар Иманкадыр уулу компаниядагы кызматынан 15-майда бошоп кеткен). Бирок компанияга түздөн-түз эч кандай тиешем жок. Коомдук тармактардагы маяналар тууралуу уру-чуу — ушак жана курулай жала (ред. — ЖМКлар маалымдашкандай, Рысалиевдин уулу «КТ Мобайлда» эң көп маяна алган). Мен фейктерди сыйлабайм, фейктик дүрбөлөң премьер-министрдин позициясын алсыратууга багытталган. «КТ Мобайл» — бул эч нерсе жашырбаган жана толугу менен ачык компания. Уулум Германиядагы университетке тапшырып, ал жакта менин жардамымсыз эле сегиз жыл жашап иштеген. Мен «КТ Мобайлды» текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү талап кылам, мен Кыргызстанда улуттук уюк компаниянын пайда болушу үчүнмүн. Мен бир дагы коррупциялык жаңжалга аралашкан эмесмин. Журналисттер да, депутаттар да мага эч нерсе тага алышпайт жана эч качан тагышпайт дагы.

Премьер-министр менен тууганчылык тууралуу

Премьер-министр менен тууган болуу мага көйгөй жараткандан башка эч нерсе бербейт. Мен «Ачык өкмөттүн» катчылыгынын башчысы болуп иштейм, биз өкмөттөн ачык маалыматтарды талап кылабыз, ошондуктан биз алар менен тирешип турабыз. Мамлекеттик түзүмдөрдөн ачык-айкындыкты талап кылуу менин түздөн-түз милдетим. Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн тушунда Мухаммедкалый Абылгазиевдин биринчи-вице-премьер болуп калышына эч кандай тиешем жок. Өкмөттүн ишин оң деп баалайм, мен муну парламент өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп тапкандыктан улам айтып жатам. «Коопсуз шаарды» 12 жылдан бери ишке киргизе алышпады, ал эми учурдагы өкмөт башчысы долбоорду президенттин түздөн-түз тапшырмасы боюнча ишке киргизди.

Өзү тууралуу «көшөгө артындагы таасирлүү кожо» катары, Атамбаев жана Жээнбеков жөнүндө

Өзү тууралуу «көшөгө артындагы таасирлүү кожо» катары, Атамбаев жана Жээнбеков жөнүндө

Мени «Көшөгө артындагы таасирлүү кожолор», айдоочулар [сөз Атамбаевдин жакын тарапташы Икрамжан Илмиянов жөнүндө] менен салыштырбагыла. Мен — мамлекетчилмин, мамлекет кандай түзүлүшү керектигин, конституция кандай болушу керектиги билем. Экс-президент, атын атагым келбейт, коррупция менен күрөшүүнүн ордуна ага башчылык кылып алган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков аны менен күрөшүүгө аракет кылып жатат, ага ишениш керек. Мен Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси эмесмин, биз достук мамиледебиз, аны 25 жылдан бери тааныйм жана ага ишенем.