Өкмөт башчысынын агасы Саламаттык сактоо министрлигинде иштейт — ал 20 жылдан ашуун мамкызматта

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин агасы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү көзөмөлдөө бөлүмүн жетектээрин ырастады.

Басма сөз кызматтан Азиз Абылгазиев бул тармакта 1984-жылдан бери иштеп келээрин билдиришти.

Абылгазиев Союз учурунда эле Борбордук дарыкана кампасынын кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 1998-жылы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде башкы адис болгон.

12 жылдан кийин ал өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка өтүп, ал жакта биринчи бөлүм башчынын орун басары болуп иштеп, андан соң аны башкы адистик кызматка чейин түшүрүшкөн. 2017-жылы ал кайрадан Дары-дармек менен камсыздоо департаментине кайтып келген.

Премьер-министрдин агасы тууралуу өкмөт башчысынын бажасы Иманкадыр Рысалиев уру-чуу менен отставкага кеткенден кийин сөз боло баштаган. Ал Ачык өкмөт Улуттук форумунун катчылыгын жетектеген.

Май айынын ортосунда коомдук тармактарда Рысалиевдин баласы — Эрназар Рысалиев «КТ Мобайл» мамкомпаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеп, айына 300 миң сомдон ашык маяна алып турганы айтылган маалымат тарап кеткен.

Чыр-чатактын шартында Эрназар Рысалиев өз кызмат ордун бошоткон, ал эми премьер-министрди өз туугандарына жумушка орношууга жардам берип жатат деп айыптай башташкан. Бирок министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан бул айыптоолорду «куру сөз» деп аташкан.