Айыл чарба министри ишкерлердин добушу менен эң төмөн баага татыды — аткаминер өзү буга макул эмес

«Алтын кол алышуу» жана «Кара көлөч» сыйлыктары. Сүрөт: Kaktus.Media

Базарлар жана кызматтар ассоциациясына кирген Кыргызстандын бизнесмендери айыл чарба министри Нурбек Мурашевге «Кара көлөч» сыйлыгын беришти. Алар аны башка жетекчилердин арасынан «эң эле натыйжасыз» жетекчи деп табышкан.

«Өсүмдүктөрдү кирешелүү кылып сатуу үчүн алардын кайсыларын отургузуу керектиги тууралуу сунуштарды айыл чарба министрлиги берет. Дүйнө жүзүндө, эгер ведомство өзүнө божомолдорду берүү боюнча функцияны алса, анда [ал] бул үчүн жооп берүүгө жана муктаж болгон учурларда ишкерлерге товар сатууга жардам берүүгө даяр. Бизде болсо кандайдыр бир эки анжы мамиле», — деп билдирди базарлар, соода жана кызматтар ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарёв.

Мурашев өзү ишкерлердин ойлоруна макул болбой, эгер алардын ага жолдой турчу суроолору бар болсо диалогго даяр экенин билдирди. Ал картөшкө эгүү тууралуу кеңеши үчүн гана ага антисыйлык берүү чечимин «туура эмес» деп атады.

Айыр чарба министри 2018-жылдын жазында дыйкандарга талааларга картөшкө эгүү кеңешин берип, аларды сатууда дыйкандарда маселе жаралбайт деп убада бергени үчүн сынга алынган.

Бирок күзүндө картөшкөгө болгон баа бир килограмм үчүн беш сомго чейин түшүп кеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу бир нече аз. Натыйжада дыйкандардын көбү чыгаша тартышкан.

Кийинчерээк Мурашев товарга болгон бааны ал өзү да, өкмөт да аныктабасын түшүндүргөн. «Бааны сен экөөбүз же өкмөт чечпейт. Биз жакшы ниет менен көтөрүлөт деп аракет кылдык, бирок бааны базар аныктайт экен. Базар көтөрбөдү», — деп түшүндүрдү министр «Спутниктин» кабарчысына.