Назима сегиз жашта, ал мектепте окуйт, тил үйрөнүп, шириндиктерди бышырып жегенди жакшы көрөт. Анын эң чоң кыялы — достору үчүн бүт бардыгы бекер болгон кондитер фабрикасын ачуу. Бирок ал таттуу-тарапаларды ийне алгандан кийин гана жей алат — алты жыл мурда анда биринчи типтеги диабет бар экени аныкталган.

Бул кыздын организминдеги инсулин көп өлчөмдө иштеп чыгарылбайт дегенди билдирет, демек ага бул гормондун инъекциялары керек, болбосо кыздын денеси тамак сиңире албай калат. Кыргызстанда Назимадай биринчи типтеги кант диабети бар болгон адамдардын саны 2436га жетет. Алардын 600дөн ашууну — кичинекей балдар.

Инсулин менен глюкоза (же элде айтылгандай, кант) — организм иштеп чыгуучу эки зат. Алар бири-бирин тең салмакта кармап турат. Тагыраагы, эгер Назимада кант дароо түшүп же көтөрүлүп кетсе ал эс-учун жоготуп коюшу мүмкүн. Эгер инсулин менен глюкозанын кандагы деңгээлин көзөмөлдөп турбаса кыз сокур болуп же буттарынан айрылып же комага түшүп каза табышы мүмкүн. Ушунун айынан Назима көптөн бери бала бакчага кире албай жүргөн — аны жөн гана кабыл алуудан баш тартып коюшчу.

Назиманын апасы Нурхан Жумабаева кызы жалгызсырап калганын каалачу эмес. Ошондуктан алты жыл мурда «Пчёлки» бала бакчасын ачкан — диабет менен ооруган балдар үчүн Кыргызстандагы биринчи инклюзивдик бала бакча. Бала бакчага ден соолугу чың балдар деле баргандыктан ал инклюзивдүү болуп эсептелет, бирок ага диабет менен ооруган балдар акысыз барышат.

Бул улуулар жоопкерчилик алып, балдарды мындай дарт менен кантип жашоо керектигине үйрөткөн өлкөдөгү жападан-жалгыз бала бакча. Диабет — айыктырылгыс оору, азырынча врачтар болгону анын белгилерин дарылоого гана үйрөнүшкөн. Демек мындай дарты аныкталган балдар качан жана кантип инсулин алуу керектигин, андан тышкары, диабети бар башка балдар өздөрүн начар сезе баштаганда аларга кантип жардам берсе болоорун билиши керек.

Мисалы, Назима күндөрдүн биринде өзүнөн улуу досу Адилетти сактап калган. Адилет болсо кокус Назима өзүн мектепте начар сезип калганда жардам бере калайын деп анын карааны болуп жүргөн. Бирок бир күнү бала сабак учурунда өзүнүн эс учун жоготуп койгон — ал дагы диабет менен ооруйт — ал жердеги мугалимдин бири дагы доктурлар келгиче ага кандай жардам көрсөтүү керектигин билишкен эмес. Назима гана анын канындагы кантты өлчөй калыш керектигин аңдаган, глюкозанын өлчөмү кыйла түшүп кеткени аныкталган соң анын деңгээлин кайра көтөрүү үчүн Адилеттин ээринине бал сүйкөй калган. Ошентип кичинекей кыз баланы комага түшүүдөн куткарып калган. Адамдын өмүрүн сактап кала турган мындай лайфхактарды балдарга «Пчёлкада» «Диабет мектеби» сабагынан үйрөтүшөт.

Бала бакчанын өзү толугу менен Нурхандын камсыздоосунда. Ал 1990-жылы ачкан жарык берүүчү алеттерди импорттоо боюнча бизнеси алты жыл мурда социалдуу болуп калган. Андан түшкөн акчалар «Пчёлкага» күн көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бала бакча иштеп жаткандан бери ага жөнөкөй аткаминерден баштап министрлерге чейин ар кандай чоң кызматтагы аткаминерлер келип кетишкен. Бирок, бул демилгенин мамлекет үчүн социалдык мааниси чоң болгонуна карабастан, каржы жактан «Пчёлкага» эч ким жардам бергиси келбейт. Ошондуктан, Бишкектеги кант менен ооруган кичинекей балдар өздөрүн жалгыз сезбеши үчүн ишкер айым бала бакчага өз акчасын коротууга аргасыз.

Материалдын авторлору: Александра Титова, Тилек Бейшеналы уулу