2019-жылдын апрель айында Кыргызстандын бийлиги кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы бошотулушу тууралуу иликтөөнү жандандырган. Аны «курч миелобласттык лейкоз» жасалма диогноздун айынан бошотушкан, бирок калптын бети ачылган учурда Батукаев Кыргызстандан чыгып кетүүгө жетишкен.
Эки айдын ичинде бул иш боюнча диагноз койгон врачтар, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, ЖАМКтын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалган. Ошондой эле Башкы прокуратура Батукаевди бошотуу тууралуу чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовду да камакка алган.
Андан тышкары, Батукаевдин ишине байланыштуу аткаминерлер менен саясатчылар суракка чакырылган — алардын кээ бирлери орун алган окуяга түз же кыйыр түрдө экс-президент Алмазбек Атамбаевди айыпташкан.
«Клооп» Батукаев боюнча иштин жанданышы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кандай байланышы бар болушу мүмкүн экендигин түшүндүрүп берет. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзамга ылайык, Атамбаев кол тийбестигинен ажыратылып, кылмыш ишинин фигуранты болуп калышы ыктымал.
Бул өткөн жылдын жазында башталган саясатчылардын ортосундагы ачык жаңжалдын
шартында болууда.
«Кимге төлөшкөндөрүн билем»
2013-жылы Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган депутат Зарылбек Рысалиев биринчилерден болуп журналисттерге интервью берип, аны Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка алышканын айткан.
Тек гана Рысалиев өзү анын ою боюнча, бул ишке байланышы бар аткаминерлердин аттарын атап берген. Алардын арасында экс-президенттин фамилиясы да айтылган. Депутат тергөөчүлөргө өзү атап берген адамдарды суракка алууну сунуштаган.
Ошондой эле парламентарий Батукаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Ал кримтөбөл эркиндикке чыгуу үчүн акча төлөгөнүн айтты деп кабарлаган. «Мен акчаны ким сураган болсо ошого бердим, канча сурашса ошончо бердим. Меники кызылчасынан да, карачасынан да туура, мен кызылдардан кутулдум, сенин досторуң менен кесиптештериңден кутулдум», — деп келтирди кримтөбөлдүн айткандарын Рысалиев.
Ал Батукаев кимге төлөгөнүн айтып бергенин кошумчалап, бирок депутат журналисттерге ал кишинин ачыктап берген эмес. Рысалиев Батукаев менен болгон телефондук сүйлөшүүнү жаздырып алганын кошумчалады.
«Эң башкысы — азыр апам, үй-бүлөм, туугандарым мени Батукаевден бир нерсе алып, аны коё бергендей сымал жактырбай карап жаткандары көңүл оорутат. Бирок мен бир да тыйын алган эмесмин», — деп билдирди Рысалиев.
«Атамбаев күнөөлүү»
Батукаевдин бошотулушуна мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Атамбаевди түздөн-түз эле күнөөлүү деп айтууда. Анын пикиринде, бул ишке экс-президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин, аппараттын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы Бусурманкул Табалдиевдин жана Атамбаевдин өзүнүн тиешеси бар.
«Атамбаев мыйзамдагы ууруну бошотуу боюнча кампаниянын башында турган», — деп билдирди Акун.
Акунду 2013-жылы Батукаевдин качып кетишине айыпташкан жана бул анын акыйкатчы кызматынан кетүүсүнө негиз болгон.
Атамбаевди түздөн-түз күнөөлөгөн дагы бир саясатчы — Өмүрбек Текебаев — 2013-жылы «президент иликтөөнү жабууну кеңеш кылганын» айткан. Кийинчерээк 2016-жылы Текебаев Батукаевди Кыргызстандан Орусияга «Атамбаев чыгарган» деп билдирген.
Атахановдун Атамбаев менен сүйлөшүүсү
Экс-депутат Феликс Куловдун айтымында, Батукаевди бошотууну Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов чечишкен. Атаханов болсо бул иш боюнча камакка алынган. Куловдун айтымына караганда, Атаханов Атамбаевге келип, эмне үчүн Батукаевди бошотуш керектигин түшүндүрүп берген.
Себептер төмөнкүдөй болгон: тергөө Батукаев кимдир бирөөнү өлтүргөнүн далилдей алган жок; ал катуу ооруп жатат; өлкөдө бир нече кримтөбөл болгондуктан чатактар жаралууда, ошондуктан Батукаевди бошотуу керек.
«Ошондо Атамбаев Атахановго минтип айткан: “Эгер баары мыйзам боюнча болсо, өзүңөр чечкиле”. Мына ушинтип чечип коюшкан», — деди Кулов.
Анын айтымында, Батукаевди бошотуу буйругу тек гана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине берилген.
Атаханов өзү Атамбаев менен ушундай сүйлөшүү болгонун четке кагып, анын кызмат орду «андай деле маанилүү болгон эмес» деп кошумчалады. Анын айтымында, кримтөбөл Батукаевди ал вице-премьер кызматына келгенге чейин 10 жыл мурун эле бошотууга аракет кылышкан. БирокБатукаев өлкөдөн качып кеткенден кийин Атаханов бары бир деле өз кызматынан кол жууп калган.
Айыптоолордун артында Атамбаевдин каршылаштары турат
Парламенттин депутаты жана Атамбаевдин үзөңгүлөшү Ирина Карамушкина алты жыл мурдагы иш жөндөн-жөн эле жандандырылган эмес деп билдирди. Анын пикиринде, Атамбаевге карата айыптоолордун артында учурдагы бийлик турат.
«Эмнеге азыр Батукаевдин ишин башташты? Бүгүн атайын Батукаевдин бошотулушун териштирип, аны Алмазбек Атамбаев менен байланыштыргысы келип жатышат. Анткени азыр саясий буюртмалар аткарылууда. Азыр Атамбаевдин жанындагыларды отургузгусу келип жатышат», — деп эсептейт Карамушкина.
Ошол эле учурда КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева «Атамбаевдин каршылаштарына карата жасалган кезектеги жашыруун аракеттерден майнап чыкпайт» деп билдирди.
«Бул ишти да Атамбаевге байлаганга аракет кылып жатышканы түшүнүктүү. Экс-президентти көбүнесе Батукаевдин туугандары көрсөтүп берген адамдар каралоодо. Кримтөбөлдүн жакындары ири суммадагы акча берилген фактты тастыктап беришкен эле», — деди Жолдубаева.
Сүрөт: парламенттин жана президенттин басма сөз кызматтары, «Азаттык» радиосу.