Мектептеги акча топтоолор. Оштогу мектептин ремонтуна 1000 сомдон жыйноо маселеси талкууга түштү

Ош шаарындагы Михаил Ломоносов мектеби. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg     

Ош шаарындагы Михаил Ломоносов мектебинде окуган балдардын ата-энелеринин WhatsApp тайпадагы кат жазышууларынын скриншоту 25-майда фейсбукка тарап кеткен. Анда класс жетекчи мектепти оңдоого акча бере элек баланын ата-энесине кайрылып төлөп коюуну суранган. Юрист Камкордук кеңеши жүргүзгөн мектептеги акча жыйноолорго мугалимдин кийлигишүүгө укугу жок деп билдирди.

Фейсбуктун Жайнагүл Аматова аттуу колдонуучусу 25-майда Ош шаарындагы Михаил Ломоносов орто мектебинин ремонтуна акча жыйналбай, ата-энелер арасында пикир-келишпестик орун алганын жазып чыккан. Мындан тышкары, ал 6-гамма классынын класс жетекчиси менен ата-энелердин WhatsApp тайпадагы кат казышуулары делген скриншотту жарыялаган.

«Ар бир окуучу 1000 сомдон мектеп фондуна сөзсүз, 500 сомдон класска сөзсүз төлөшүңөр керек деп милдеттендирип жатышат. Өзү мектептерге мамлекеттен акча бөлүнөбү?», — деп суроо салган Аматова.

Кат жазышууларда класс жетекчинин атынан жазган адам мектепти оңдоп-түзөөгө 1000 сом бере элек окуучунун ата-энесине кайрылуу жасаган. Ал ата-энеге «эгерде сиздер ремонттун жасалышына катыша албасаңыздар, анда мен өзүм ремонт жасайм» деп айткан.

Мындан тышкары, класс жетекчи делген адам ар бир класста ремонтко акча бере элек ата-энелер бар экенин жазып, анын ордуна боёк сатып, уста таап же кол кабыш кылса болоорун билдирген.

Аматованын фейсбуктагы посту колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып, айрымдары орто билим алуу акысыз болушу керек деген пикирди карманышса, кээ бирлери мектептин керек-жарактарына ата-энелер колдоо көрсөтүшү керек деп эсептешкен.

Мектеп жетекчилигинин пикири

Михаил Ломоносов мектебинин жетекчиси Гүлмира Осекова 6-гамма класс бар экенин, Камкордук кеңеши жылына мектепти оңдоого 1000 сомдон чогултаарын тастыктады. Бирок класстык фондго 500 сомдон жыйналып жатканын четке какты.

«Камкордук кеңешинин мектеп директоруна тиешеси жок. [Ата-энелер] банкка барып төлөшөт. Бизге бул акчалар жеткиликсиз. Бизге бир нерсе керек болсо, Камкордук кеңешине билдирме беребиз, алып келип беришет. [Интернетке тараган] маалыматтын баары жалган», — деп билдирди Осекова.

Мектеп жетекчиси Жайнагүл Аматова аттуу ата-эне жок экенин билдирип, социалдык тармактарга маалымат жайылтуунун артында аны каралоо максаты турганын кошумчалады.

Ал эми WhatsAppтагы класс жетекчинин атынан жазган телефондук номерге «Клооптун» журналисти байланышканда аял киши алып, фейсбукка тараган маалымат боюнча «анын баары жалган» деп айтты. Бирок окуя тууралуу кеңири айтып берүүдөн баш тартты. Бир аздан кийин кайра байланышканыбызда, «башымды оорутпа» деп телефонду өчүрүп салды.

Ата-энелер эмне дейт?

«Клооп» WhatsAppтагы «6-гамма» тайпасына жазган эки ата-эне менен байланышып көрдү. Алар балдары Михаил Ломоносов мектебинде окушканын ырасташты. Ошондой эле, мектеп ремонтуна акча чогултуу боюнча WhatsAppтагы тайпада талкуу болгонун да тастыкташты.

«Бир окуучунун ата-энеси акча бере элек экен. Ошого [WhatsAppтагы “6-гамма” тайпасына] класс жетекчи жазган. Ал эми калган окуучулар берип бүткөн. Ошондон эртеси күнү маалымат [интернетке] тарап кетти», — дейт аты-жөнүн атагысы келбеген ата-энелердин бири.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Авазбек Асанов класс жетекчинин ата-энелерден мектептин ремонтуна жардам сураганында эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

«Мугалим жазган жокмун деп жатат. Азыр комиссия түзүлдү, алар карап чыгып андан кийин эмне болгондугу аныкталат. Балким ал мугалим Камкордук кеңешиндегилердин айткандарын жеткирип койгондур. Ал эми класс жетекчинин ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөө иштерине жардам берип коюу боюнча суранычынын эч кандай жаман жагы жок. Мектептин [ремонтуна] колу бош ата-энелер келип жардам берсе болот», — деп айтты Асанов.

«Мугалимдин аракеттери мыйзамсыз»

«Прецедент» юридикалык компаниясынын юристи Бекболот Касаболотов «Клоопко» билдиргендей, мугалим ата-энелерден мектепти оңдоого жардам сурап кайрыла да, акчаларды чогулта да албайт.

«Негизи Камкордук кеңеши чогулта турган акчага мектеп мугалимдери кийгилише алышпайт. Ал түзмө-түз ата-энеге акчаны бер деп талап кыла да албайт. Ремонт кылганга катышып кеткиле деп да айта албайт. Бул мыйзамсыз. Ал эми акча чогултууларды Камкордук кеңешинин мүчөлөрү ишке ашырышы керек», — деди Касаболотов.

Юрист Камкордук кеңеши ыктыярдуу түрдө түзүлгөнүн билдирип, кеӊеш кимдир бирөөнү акча берүүгө мажбурлай албастыгын айтат. Ал эгерде кайсы бир ата-энеден мектеп, Камкордук кеӊеши акча бер деп талап кылса, анда ал адамдар укук коргоо органдарына арыз менен кайрыла алышаарын кошумчалады.

2014-жылы ата-энелер комитетинин акча чогултууларын көзөмөлдөө жана каражатты натыйжалуу пайдалануу максатында Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, ар бир мектепте ата-энелер тарабынан Камкордук кеңештери түзүлүп, акча топтоолор банк аркылуу ишке ашып калган.

Тема боюнча: «10 млн сом чогулган». Ата-энелер мектептеги Камкордук кеңешке акча берүүгө милдеттүүбү?

Редактору: Элвира Султанмурат кызы