Кызыл-Токойдун кире беришиндеги курулуп бүтө элек арка. Kloop.kg үчүн Аскар Мырзабековдун сүрөтү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылы облустук борбордон 220 км алыстыкта жайгашкан. Ага барчу асфальтталбаган чуңкурлуу жолдо өңгүл-дөңгүлдөр көп кездешет. Катуу жаан-чачын болгон учурларда айылга жетүү маселеси татаалдайт — жолду суу жеп, кээде андан сел да жүрөт.

Айылга кире бериште анын аталышы жазылган жол белгиси турат. 2016-жылы жергиликтүү кеңеш менен жергиликтүүлөр айылга кире бериш жерди көрүнүктүү кылып, арка курууну чечишкен.

«Бардык башка райондордун кире бериштеринде арка бар. Кызыл-Токой — Чаткал районуна алып барган биринчи айыл, ошондуктан биз да арка куруп койсок болот деп ойлогонбуз», — деп түшүндүрдү айылдык кеңештин депутаты Марат Кайыпов.

Тендердик документтерге ылайык, жаңы арканын курулушунун наркы 2,2 млн сомго бааланган жана ал айылдын кире беришин 2017-жылы майда эле көрктөндүрүп калышы керек болчу, бирок ал белиленген мөөнөткө чейин бүтүрүлбөй калган. Ал ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат — айылдын кире беришин болгону жарака кеткен кыйшык бетон колонналары көрктөндүрүп турат.

Арканын негиздери бузулуп баштаган. Kloop.kg үчүн Аскар Мырзабековдун сүрөтү

Чаткал районун өнүктүрүү фондунун төрагасы Акимбек Жолдошов курулуш иштери үчүн каражаттарды «Алакан-Курулушка» бөлүп-бөлүп которушканын билдирди «Клоопко». Азыркы күндө компания курулуштун жалпы баасынын 80 пайыз каражатын алган.

«Алакан-Курулуштун» түзүүчүсү Эрик Орумбеков журналисттерге курган маегинде арканын курулушу аларга акча которулганда эле 2017-жылы башталганын түшүндүрдү. Анын айтымында, курулуш октябрга чейин жүргөн, бирок андан кийин суук түшкөндүктөн улам токтотулган.

Апрель айында курулушту улантышып, ал эми августта компания жумушту бүтүрүү үчүн кезектеги акча которууну сураган.

Райондук фонд курулушчуга 150 миң сом которгон, бирок Орумбековдун айтымында, компаниянын жетекчиси Турдубек Турдукулов ал акчаларды өз кызыкчылыктарына пайдаланган.

«Турдукулов акчаны жеке керектөөсүнө пайдаланган. Компаниянын эсебинде акча аз болчу, бирок эгер аларга которулган акчаларды кошуп беришкенде арка бүткөрүлмөк», — деп түшүндүрдү Орумбеков.

Турдукулов өзү акчаларды жеке муктаждыктарына сарптаган деген айытоолорду четке кагууда. Ал 50 миң сом салык төлөөгө кеткенин, ал эми калган акчаны Орумбековго бергенин айтат.

Акчалар кайда жоголгону белгисиз, ошондуктан арканын курулушу белгисиз мөөнөткө токтоп калган. Чаткал райондук прокуратурасы 2018-жылы декабрда арка куруу үчүн арналган каражаттарды коротуу жана келишим боюнча курулуш мөөнөттөрүн аткарбоо үчүн «Алакан-Курулушка» каршы кылмыш ишин козгогон.

Орумбеков арканын курулушун тергөө иши бүткөндөн кийин аяктайм деп убадалайт.