Factcheck.kgнин журналисттери кысым тууралуу билдиришти — буга чейин алар Матраимовдор тууралуу иликтөө чыгарышкан

Factcheck.kg басылмасынын башкы редактору Болот Темиров 28-майда аны кимдир бирөө дос жана туугандары аркылуу издеп табууга аракет кылып жатканын билдирди.

«Биздин материалдардын каармандарына кайрылып жатам. Мага дос, туугандарым, жакындарым аркылуу чыгууну токтоткула. Мен муну коркутуу катары кабыл алам — аларга кысым көрсөтүү рычагдарыңар бар дегенге ишара», — деп жазды ал өзүнүн фейсбуктагы барагында.

Темиров бардыгы апрелдин аягында башталганын, бир нече материалдар чыккандан кийин ага ар кандай адамдар аркылуу чыга башташканын «Клоопко» билдирди. Ал бул УКМКнын кызматкерлери экенине көзү жетпейт.

Ушул эле күнү басылманын журналисти Наргиза Нанакеева фейсбукта өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан адамдар анын ишмердигине кызыкканын жазган.

Анын айтымында, апрелдин аягында ага өзүн Cabar.asia басылмасынын журналистимин деп тааныштырган киши кызматташууну сунуштап, андан соң жеке жолугушуу учурунда УКМКнын кызматкери болоорун билдирген. Ошол эле учурда ал күбөлүгүн көрсөткөн эмес.

Нанакеева «Клоопко» билдиргендей, өткөн аптада анын туулган айылында белгисиз киши ал тууралуу сураштырып жүргөн. Ошондой эле ал өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин кызматкеримин деп тааныштырган.

Журналист өзүнүн жашоосуна болгон кызыгуу Factcheck.kg жасап жаткан иликтөөлөргө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн божомолдоду.

«Бул Матраимов тууралуу иликтөөгө байланыштуу болушу мүмкүн эмес, анткени ал жөнүндөгү макаланы бир-эки апта мурун даярдап баштаганбыз. Ал эми бул [мен тууралуу сураштыруу] апрелде башталган», — деп айтты Нанакеева.

Cabar.asiaнын башкы редактору Тимур Токтоналиев алардын редакциясынан Нанакеевага эч ким кайрылышы мүмкүн эместигин «Клоопко» билдирди.

«Мен бул учурду тактоо үчүн УКМКнын басма сөз кызматына чалгам. Алар маалымат жөнөтүүнү сурашкан. Мен аларга Нанакееванын фейсбуктагы посту менен “Кактус” басылмасынын жарыялоосун жөнөткөм. Азыр жооп күтүүдөбүз», — деди Токтоналиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет материал жарык көрөөр алдында комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери 27-28-майда Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу эки бөлүмдөн турган иликтөө жарыялашкан. Алар «Эльдорадо» соода борбору Матраимовдорго таандык деп ырасташууда. Ошондой эле журналисттер Матраимовдор эң белгилүү «Супер-Инфо» гезитине ээлик кылып калышты деп эсептешет.