Бийлик оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасын түздү

«Настоящее время» басылмасынын балдар жөнүндө сюжетинен алынган скриншот

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги турмушта оор кырдаалга кабылган балдардын базасын түздү. Базаны түзүүдө БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) техникалык жардам көрсөткөн.

База ата-энелери эмгек миграциясына кетишкен балдарга карата зомбулук учурлары көбөйгөндүктөн улам түзүлгөн. Көбүнесе балдар ата-эенелери калтырып кеткен туугандарынын зомбулугуна кабылышат.

«Ата-энелер тарабынан туугандарында жана тааныштарында асыроо тууралуу расмий каттоосуз калтырылган балдардын санынын өсүшүндө зор роль ойнойт. Балдар мындай учурларда көбүнесе алардын муктаждыктарын капарга албаган жактар тарабынан зомбулукка жана катаал мамилеге кабылышат», — деп билдирди өкмөт.

Түзүлгөн база өлкөдөгү маморгандардын бардыгы туташылган «Түндүк» электрондук системасы менен бириктирилет. Мындай жол менен бийлик оор абалга кабылган балдарды аныктап чыгып, андан соң аларга жардам көрсөтүүнү пландоодо.

Бүткүл өлкө боюнча маморгандар бала жөнүндө маалыматты интернет аркылуу киргизип же жүктөй алышат, өз кезегинде бул ага жардам берүү үчүн убакытта азайтат. Система Чүй облусунун эки районунда пилоттук негизде ишке киргизилмекчи.

Учурда бийлик Кыргызстанда канча бала ата-энесиз жашоого аргасыз экенин билбейт. 2018-жылдын аягында мигранттардын үй-бүлөлөрүндө балдар каза тапкан бери эле дегенде төрт учур катталган.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги апасы да, атасы да чет өлкөгө кеткен балдардын саны 72 миң деген санды келтирүүдө. Бирок ЮНИСЕФ мындай балдардын саны 199 миң деп эсептеген. Ата-энесинин бирөөсү миграцияда жүргөн балдардын саны мындан да көп — 299 миң бала.

Бийлик ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды 2018-жылы гана каттоого ала баштаган. Бул ишти аймактык милиционер менен үй-бүлөлүк врачтан турган бригада алып барат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмне үчүн Кыргызстанда ата-энесиз балдардын мууну өсүп жатат? «Би-би-синин» материалы