Учурдагы Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы парламенттин алдында отчёт берип кези. Сүрөт: өкмөттүн басма сөз кызматы

Соңку эки аптада өкмөттө бир нече маанилүү окуя болду — өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык ызы-чуунун чордонуна түшүп калып, өөрчүй баштаган сын-пикирлердин шартында эки министр отставкага кетти.

Кыргызстандын өкмөтү туруктуулугу менен айырмаланбайт. Үзгүлтүксүз отставкалар, баш-аягы жок алмаша берген премьер-министрлер, министрликтер менен ведомстволордун аттарын алмаштыруу — бул Кыргызстандын министрлер кабинетин айырмалап турган мүнөз.

«Клооп» 2010-жылы Конституция алмашкандан кийин кызматтарга келген өкмөт мүчөлөрүнүн маалымат базасын түздү. Дал ошол кезде министрлер кабинетин дайындоонун тартиби өзгөргөн — өкмөттү түзүүдө негизги ролду президент эмес, парламент ойноп калган.

Талдообузда башында парламент, андан кийин президент жактырган талапкерлердин бардыгынын изине түшүп көрдүк. Биз министрлер кабинетинин президент жактыргандан кийинки алардын ротацияларын караган жокпуз. Бул учурда аткаминерлердин алмашымдуулугу кыйла эле жогору болмок.

Министрлер кабинетинин курамдарын изилдеп чыккан соң өкмөттүн алмашуулары жөнүндө сегиз фактыны жарыялайбыз:


Биринчи өкмөт өлкөдө апрель революциясынан улам бийлик алмашкандан кийин 2010-жылы декабрда бекитилген. Президент бекиткен министрлер кабинетинин акыркы курамы 2018-жылдын апрелинен тарта иштей баштаган. Акыркы жети жарым жыл ичинде министрлер кабинети 10 жолу алмашкан. Анын менен бирге соңку жылы өкмөттүн курамынын жарымы алмашкан — 12 министрдин ичинен сегизи алмашкан.


2010-жылдын этегинен баштап сегиз өкмөт башчысы алмашкан. Ошол эле маалда Сариев менен Жээнбеков эки жолу өкмөттү жетектешкен.


Эң эле туруктуу деп Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн айтса болот — ал бир жарым жылдан бир аз ашыгыраак убакыт иштеп кеткен. Сапар Исаковдун министрлер кабинети болгону сегиз ай гана кармалган.


Дайындалгандардын дээрлик жарымы — өкмөттүк «бир күн жашоочу көпөлөктөр» — өз кызматын он учурдун биринде гана ээлеген аткаминерлер. Мындай адамдардын көпчүлүгү — вице-премьерлер, энергетика министрлери, ошондой эле «бир күндүк министрликтердин» башчылары. Мисалы, жаратылыш ресурстар министрлиги эки күн гана иштеген.


Бирок өкмөттүк узак жашоочулар да бар. Бул тизменин сап башында — сегиз жолу өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Кубатбек Боронов турат, ал эми 2018-жылы ал биринчи-вице-премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн. Узак жашоочулардын катарын Эрлан Абдылдаев, Адылбек Касымалиев, Олег Панкратов жана башка аткаминерлер толукташат.

*Аткаминердин кызматы менен фамилиясын көрүш үчүн курсорду сүрөткө жакындатыңыз. Бир аткаминердин басып өткөн жолун конкреттүү сызыкты жана Replay баскычын басып көрө аласыз.

2010-жылдын аягынан тарта өкмөттөгү жетекчилик кызматтарда 12 аял гана иштеген. Роза Отунбаева 2010-жылы бекиткен өкмөттө министрлик, вице-премьерлик жана комитет төрагалык кызматтарда бир да аял болгон эмес.


Баарынан да социалдык тармактагы министрликтердин аталыштары менен башчылары байма-бай өзгөртүлүп же алмаштырылып турган. 2010-жылдан тарта Эмгек, соцөнүгүү жана жаштар министрликтери өз аталыштарын жети жолу өзгөртүшкөн. Аларда көбүнчө жөн эле зат атоочтордун ирети өзгөрүп турган: Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылууга болуп өзгөрүп, акырында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп калган. Бул министрликтердин жетекчилеринин алмашып турушу эң эле жогорку болгондугу таң калычтуу деле эмес.


Парламент өкмөттүк жетекчилерди дайындоодогу өз позицияларын жогото баштады — президент Жогорку Кеңеш сунуштаган талапкерлерди өзүнүкүнө көп алмаштыра баштады. Бул көрсөткүч боюнча рекордсмен — Сооронбай Жээнбеков. Ал президент болуп шайлангандан кийин 2018-жылы парламенттин дайындоолорунун болгону 64% гана жактырган.

Бул жаманбы? Ооба.

Министрлер кабинетинде жетекчи аткаминерлерди байма-бай алмаштыруу программалардын аткарымдуулугуна доо кетирип, калктын өкмөткө ишенимин төмөндөтөт. Мисалы, калктын ишеним индекси боюнча 2018-жылы жети министрлик өлкө боюнча ортоңку көрсөткүчтөн төмөн баа алган. ИИМ, Экономика Министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги таптакыр эле рейтингдин эң аягында жайгашышкан.

Редактору: Анна Капушенко