Сүрөт: АКШ элчилиги

АКШнын мамдепартаменти 31-майдан тарта Америкага виза алуу үчүн жаңы эрежелерди киргизди. Эми виза борбору эң эле ири коомдук тармактардагы аккаунтарды көрсөтүүнү талап кылат, ал эми виза алгысы келген адам коомдук тармактардагы бардык аккаунтарын көрсөтүшү керек болот.

«Виза тапшырып жаткандардан кошумча бул маалыматты топтоо ошол арыз берүүчүлөрдү текшерүү жана алардын өздүгүн тастыктоо процессин жакшыртат», — деп келтирет Мамдептин өкүлүнүн айткандарын «РИА Новости».

Американын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы жаңы эрежелер күчүнө киргенин билдирди. Алар туристтик, студенттик жана жумушчу визаларды алууга билдирме тапшыргандарга тиешелүү болот.

Америка бийлиги дипломатиялык виза алгандарга бул эрежелерди байлаган эмес — аларга коомдук тармактарындагы аккаунттары тууралуу маалыматтарды берүүгө кажет жок. Жаңы эрежелер жылына виза алуу үчүн документтерди тапшырып жаткан болжолдуу 14,7 млн адамга тиешелүү болот.

Мен социалдык тармактарды колдонбосомчу?

Америкалык hill.com басылмасы маалымдагандай, виза алууну каалагандар соцтармактар менен колдонбойм деп көрсөтсө болот. Бирок, эгер бул жалган экени аныкталса, анда ал «олуттуу миграциялык кесепеттерге» кабылат.

«Бул АКШга киргиси келген чет элдик жарандарды дыкатыраак текшерүү үчүн абдан эле маанилүү кадам. Коомдук тармактар террористтик маанайлар менен активдүүлүк үчүн маанилүү жер болуп калышы мүмкүн. [Текшерүү] террористтерге, коомдук коопсуздукка коркунуч туудургандарга жана башка кооптуу адамдарга иммиграциялык жеңилдиктерди алып, АКШнын аймагына кирип кетүүгө мүмкүнчүлүк бербеш үчүн турмушта абдан эле керектүү курал болушу мүмкүн», — деп келтирет Мамдептин аткаминеринин айткандарын hill.com.

Басылма мисал кылып америкалык визаны 2015-жылы алган Пакинстандын атуулу Ташфин Малик менен болгон окуяны келтирет. Ал кийинчерээк Сан-Бернардино шаарында болгон массалык атып өлтүрүүгө катыштыгы бар болгондугу боюнча күнөөлүү деп табылган. Ошондо 14 адам курман болгон.

Кийинчерээк Малик өз социалдык тармактарында террористтердин ишмердигин колдогон постторду жарыялаганы белгилүү болгон. Бирок ага карабастан ал өлкөгө кирүү укугун алгандыгы үчүн АКШнын президенти Барака Обаманын администрациясы сынга алынган.

Укук коргоочулар мындай чараларды натыйжалуу деп эсептешпейт

Американын жарандык эркиндиги союзу билдиргендей, жаңы эрежелер сөз эркиндигине «чоочута» турган таасир тийгизет.

«Эми адамдар интернетте жазышкандарын өкмөттүк аткаминер туура түшүнөт болду бекен же туура эмес түшүнуп алабы деп ойлоно башташат», — деп келтирет «Рейтерс» укук коргоочу Хина Шамсинин айткандарын.

Ошондой эле уюм АКШнын президенти Доналд Трамптын администрациясында «террористтик ишмердик» деген терминди кеңири аныктап жатышат деп эсептейт — укук коргоочулар болсо бул тартип бузбаган мигранттарга каршы колдонулушу мүмкүн дешет.

«Социалдык тармактардан текшерүүдө, улуттук коопсуздукту коргоо үчүн эч нерсе кылбастан, визаларды берүүдөгү дискриминациялык баш тартуунун айынан мусулмандар көп болгон өлкөлөрдөгү иммигранттар менен саякатчылар адилетсиз куугунтукталат деген чыныгы коркунуч бар», — деп айтышкан укук коргоочулар.

Америка визаларын алуу боюнча эрежелерди оорлоштуруу тартиби Доналд Трамптын өлкөгө мыйзамсыз кирүү миграциясына каршы күрөш жүргүзүү саясатынын шартында болду.