Обсуждение на "5 канале" расследования "Азаттыка" о сотнях миллионов долларов, выведенных из Кыргызстана

Posted by Azattyk Media on Monday, June 3, 2019

Парламентарий Искендер Матраимов 3-июнь күнү кечинде «Бешинчи каналдын» «Ой бүгүн» телеберүүсүнүн эфиринде чыгып сүйлөдү. Телеканалдын директору Эрнис Кыязовдун айтымында, продюссерлер Райымбек Матраимовду чакыра албай коюшкандыктан, анын агасы Искендерге кайрылышкан.

Студияда ага «Азаттыктын» журналисти жана Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылышына Матраимовдордун кланынын тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөнүн автору Али Токтакунов аттандаш болду.

Матраимовдун башкы жүйөөлөрү

Депутат Токтакуновдун иликтөөсүн «буйрутма» деп атады. Мындай жыйынтыкка Матраимов үч саясатчы менен маектешкенден кийин жана алар бул иликтөө — анын үй-бүлөсүнө каршы буйрутма деп айтышкан соң келген.

Матраимов Токтакунов документтердин түп нускаларын банктык купуяга карабастан, кантип алганын аныктоо зарыл экенин айтты. Ошондой эле ал Айэркин Саймаити менен жекеме-жеке тааныш эмес экенин билдирди. Ал эми Токтакуновдун айтымында, Саймаити Матраимовдордун үй-бүлөсү башкарган кайрымдуулук фондго акча которуп турган.

«2003-жылдан бери акчалар банктар аркылуу Кыргызстандан чет өлкөгө эркин которулуп жатат. Беш же алты бизнесмен акчаларын чогултат, ал эми Саймаити фирма аркылуу жөнөтүп жатат», — деди Матраимов.

Анын айтымында, Саймаити Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна эки жолу акча жиберген: 2016-жылдын 25-августунда жана 25-октябрында. Ал эки жолу тең 100 миң доллардан которгон.

«Фондго акча которуп жаткан демөөрчүлөрдү билбейм. Балким бул Түркиядагы кыргыздар, балким Арабиядагы кыргыздар. Мен муну билбейм да», — деп айтып берди Матраимов.

Депутаттар Матраимовдордун атасынын урматына арналган Оштогу волейбол боюнча турнирдин ачылышында

Бул акчаларга Матраимовдордун кайрымдуулук фонду кичи футбол талаасын, мечит куруп, ошондой эле, 76 баланын окуусун төлөп берген.

Матраимовдун айтымында, анын аялы 1997-жылдан бери жеке ишкер болуп эмгектенип келет, ал эми өзү болсо 2006-жылдан тарта маморганда иштейт жана «салык декларацияларына этият мамиле кылат».

«Ошто эки “Народный” дүкөндөрүн курганда, банктан 500 миң доллар насыя алгам. Ошондо ал чоң акча болчу. Анан дагы 100 миң доллар кредит алдым. Экинчи, үчүнчү кредиттерди дагы деле төлөп жатам, ал эми өткөн жылы 10 млн сом дагы кредит алгам. Азыркы күнгө чейин мунун баарын төлөп келе жатам», — деп айтып берди Матраимов.

Матраимов укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комиттеттеги кызматында кызыкчылыктар кагылышы бар болсо жумуштан кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Иликтөөнүн автору Али Токтакунов материал Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы буйрутма экенин төгүнгө чыгарды. Журналист билдиргендей, ал Матраимовдордун ишмердигине өз демилгеси менен жана ошондой эле бул тема коомдук талап болуп калганы үчүн кызыккан.

Ал ошондой эле Матраимовдон кайрымдуулук фондго акча которгондордун ысымдарын атоосун талап кылды. Ага жооп кылып Матраимов Токтакуновго аны менен кошо Ошко учуп барууну сунуштап, ал жактан кайрымдуулук фондунун бардык акча которуулары тууралуу документтерди көрсөтөөрүн айтты.

Кыргызстан акча чыгарылып кеткендиги тууралуу иликтөө

«Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылгандыгына Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу журналисттик иликтөөнү 29-майда чыгарган.

Али Токтакунов колунда жок эле дегенде 250 млн доллардын сыртка чыгарылышын далилдеген ондогон банктык документтер бар экенин билдирген. Андан тышкары, иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсү бажыда монополия түзүп алганы айтылат.

Иликтөө чыккандан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук банкка, финполго жана финчалгындоого журналисттердин маалыматтарын текшерүүнү тапшырган.

Авторлоштору: Рустам Халимов, Айдай Эркебаева, Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков