Финпол «Азаттыктын» өлкөдөн 700 млн $ чыгарылып кеткендиги тууралуу маалыматтарын иликтөө үчүн тергөө тобун түздү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финпол) «Азаттыктын» Кыргызстандан акча чыгарылып кеткендиги жөнүндө иликтөөсүндөгү маалыматтарды текшере турган тергөө тобу түзүлдү.

Журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерүү керектиги тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да айткан. Ал аткаминерлер менен кеңешме өткөрүп, текшерүүнү тездетүүнү керектигин кайрадан тапшырган.

Финпол бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн дээрлик беш айдан бери текшерүүдө. Текшерүү иши президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен башталган.

«Азаттык» 29-майда Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылышына Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеши бар болушу ыктымалдыгы тууралуу журналисттик иликтөө чыгарган. Иликтөөнүн автору колунда жок эле дегенде 250 млн доллардын сыртка чыгарылышын далилдеген ондогон банктык документтер бар экенин айткан.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов бул иликтөөнү «буйрутма» деп атап, анын кайрымдуулук фондуна акча которгон адамдар менен тааныш эмес экени билдирген.