КСДП жана Атамбаев 8-июнда митинг өткөрөт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү 8-июнда тынчтык митингин өткөрүшөт. Атамбаев жана анын тарапташтары катыша турган пикет Бишкектеги «Форум» имаратынын алдында өтөт. Ушул эле имаратта партиянын штабы жайгашкан.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, КСДПнын мүчөлөрү митингде Бишкек ЖЭБин жаңыртуу тууралуу кылмыш ишинин фигуранттарын бошотууну талап кылышат — негизинен, экс-премьер-министр Сапар Исаковду.

Ошондой эле митингчилер Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго каршы кылмыш иштерин токтотууну талап кылып, анын ичинде УКМКнын тогузунчу кызматынын экс-начальниги Дамир Мусакеевдин бошотулушу тууралуу маселени көтөрүшмөкчү.

Атамбаевдин тарапташтары менен чоң мансапта отурган аткаминерлерди 2018-жылдын башында кармап башташкан. Алар коррупция жана/же ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу боюнча айыпталышууда.

Алар Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында кармалышкан.