Экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйык Рамазан айынын жыйынтыкталышына карата Арашан айылындагы мечитке айт намазга барып катышты. Мечиттен кийин Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, ал жактан 2010-жылдагы апрель революциясынын курмандыктарына куран окутту.

Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков президент болуп калгандан кийин экс-президент аны менен бир дагы ачык иш-чарада кезигишкен эмес. Мунун бардыгы алардын ортосундагы созулуп кеткен араздашуунун шартында болууда. Масштабдуу майрамдарга же эскерүү иш-чараларына болгону экс-президент Роза Отунбаева гана келип катышат.