Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазында. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 5-июнь күнү эртең менен мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айынын жыйынтыкталышынын урматына Бишкектин борбордук мечитине айт намазына барды.

Ошондой эле Жээнбеков кыргызстандыктардын бардыгын майрамдары менен куттуктап, аларга биримдик, бакубатчылык жана молчулук каалады.