Мамфинчалгындоо: Кыргызстандан 700 млн $ чыгарылган. Матраимовдордун фонду 2 млн $ алган эмес

Райымбек Матраимов

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү айтылган «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн $ чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөсү боюнча маалыматтарды текшерүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө «Тазабекке» комментарий берди.

«Азаттыктын» журналисттери иликтөөдө акчаны Кыргызстандан Айэркин Саймаити деген бирөө которгонун, андан тышкары, каражаттардын бир бөлүгү «Абдыраз» компаниясы аркылуу чыгарылганын жана анын ээлеринин бири кайсы бир убакта Саймаити болуп турганын айтышкан.

Финчалгындоо Айэркин Саймаити жана «Абдыраз» компаниясынын катышуусу менен өлкөдөн чыгарылган акчалардын көлөмү 700 млн $ долларды түзгөнүн тастыктады. Кызматтын маалыматына ылайык, Саймаити акчаларды ар кандай товарлар менен кыймылсыз мүлктөр үчүн жеке ишкер катары которуп турган.

Бирок финчалгындоо «Азаттыктын» Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн фонду Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2,3 млн $ алган деген маалыматын четке какты. Иликтөөдө Бумаилиамуну акчаларды Матраимовдорго 2015-2017-жылдары которуп турганы айтылган.

«2 млн $ ашуун акчаны биздин маалымат базаларыбызга ылайык Айэркин Саймаитинин атынан “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондуна которулганы боюнча далил тапкан жокпуз. Бирок Вуфули Бумаилиамуну тарабынан “Исмаил Ата” фондунун пайдасына 199 миң 958 $ кайрымдуулук кайыр садагасы катары которулган», — деп айтылат мекенин билдирүүсүндө.

Ушул эле санды мурдараак парламенттин депутат Искендер Матраимов да айткан болчу. Ал өзүнүн төгүндөөсүндө анын үй-бүлөсүнүн Айэркин Саймаитиге да, анын жубайына да тиешеси жок экенин билдирген. Матраимов которулган 200 миң $ Бумаилиамунуга эмес, башка адамга таандык болгонун жана ал адамдын атын азырынча ачыкка чыгара албасын кошумчалаган.

Кызматтан билдиришкендей, Айэркин Саймаитиге карата бажы алымдарын төлөөдөн качуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча шек менен 2014-жылы эле Ички иштер министрлигине материалдар жөнөтүлгөн.

Ушул эле материалдар 2016-жылы финчалгындан финполго жөнөтүлгөн, бирок ал жактан кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.

«Азаттыктын» иликтөөсү майдын аягында жарык көргөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук банкка, финполго жана финчалгынга журналисттердин билдирүүсүн текшерүүнү тапшырган, ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү материалды «буйрутма» деп атаган.