UFC кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Жессика Айдын мушташынын анонсун жарыялады. Алар 8-июндан 9-июнга караган түнү АКШнын Чикаго шаарында күч сынашышат.

Шевченко Blood&Sweat басылмасына курган маегинде UFC куруна ээ болуу жашоосунун максаты болгонун айтып берген.

«Азыр менин максатым — аны мүмкүн болушунча узакка чейин кармап калуу. Дивизиондо титулду алганды каалагандар көп, ошондуктан мен аларга караганда эки, алтургай үч эсе көп машыгышым керек. [...] Бирок, мен UFC курун алганга чейин дүйнөнүн 16 жолку чемпону болгом, андыктан, өз позицияңды коргоо кандай экенин билем», — деп комментарий берди кыргызстандык өзүнүн келерки мушташына.

Шевченко өзүнүн чемпиондук титулун эң эле жеңил салмакта коргомокчу — 125 фунт (56 киллограмга чукул). Кыргызстандык менен америкалык спортчу кыздар 6-июнда көз караштар таймашында жолугушушту. Ага Жесикка Ай «ок өтпөсмүн» деп жазылган бортоной кийип келген, бул Шевченконун «Пуля» (Ок) деген каймана аты менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрында польшалык Жоанна Енжейчикти жеңип, UFCнин чемпиону болгон. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков аны 8-июнда мекенине жасаган сапары учурунда мамлекеттик «Даңк» медалы менен сыйлаган.