Туйгунаалы Абдраимов. Сүрөт: Гулжан Турдубаева / RFE / RL

Контекст: Чүй облусунун Орок айылында 5-июнда чыр-чатак чыккан, ага айылдыктардын дээрлик бардыгы тартылган. Кагылыш болгон жерге ИИМдин жогорку жетекчилиги, милиция күчтөрү жана спецназ, андан тышкары, облустун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов келген.

Ошол учурда Орокто иштеп жаткан журналисттер Абдраимовдон окуяга комментарий берүүсүн суранышкан. Аткаминер ЖМК өкүлдөрү менен сүйлөшө баштап, бирок бир аздан соң басылмалардын биринин кабарчысынын суроосуна «анын жүзү жакпай калгандыгын» айтып жооп берүүдөн баш тарткан.

Абдаримовдун жүрүм-туруму коомчулукта резонанс жаратып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын кыймыл-аракеттери бүткүн аткаруу бийлигине «көлөкө түшүрөт» деп билдирген, ал эми депутат Дастан Бекешев ыйгарым укуктуу өкүлдү жумуштан бошотууну сунуштаган.

Абдраимов 7-июнда «Азаттыкка» чоң маек куруп, ал жактан өз жоругунун себебебин түшүндүрүп берген. «Клооп» анын маегинин урунтуу учурларын айтып берет.

Журналисттер ачуусун келтирген. Аткаминердин айтымында, ал Орок айылына келип, жергилитүү тургундар жана милиционерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мындан кийин анын жанына суроолорду берүү үчүн журналисттер келишкен. Абдраимов мамлекеттик «Ала-Тоо 24» телеканалына жооп берип баштаган учурда андан башка журналист качан айылга келгенин сурап баштап, ошондой эле аны микрофон менен уруп сала жаздашкан. «Ачуум менен “койгула” деп туруп басып кеттим», — деп түшүндүрдү ал.

«Жакшынакай» журналист. Аткаминер «жүзүңүз мага жакпай калды» деген сөздү кемсинтүү деп эсептебейт. «Мен кемсинткен жокмун, ачуум келди. Ачууң келгенде ыйламак белең, күлөсүң да? Сенин жүзүң мага жакпайт деп басып кеттим. Бул мазактоо жана кемсинтүү эмес. Ал татынакай эле экен», — деп түшүндүрдү ыйгарым укуктуу өкүл.

Кыз катары андан кечирим сурап коём. Абдраимов ал кысымдын күчү менен эч кимден кечирим сурабасын билдирди. «Журналист катары мен ал кыздан кечирим сурабайм. Кыз катары, мүмкүн мен туура эмес айтып койдум, андан кийин өзүм жолугуп кечирим сурап коём», — деди Абдраимов.

Ыйгарым укуктуу өкүл ЖМКлардын кызматкерлеринде «этика болушу керек» деп түшүндүрдү жана ушул себептен ал журналисттен кечирим сурабасын кошумчалады. «Менден кекетип сурады, мен ошондой жооп бердим», — деди ал.

Ошондой эле Абдраимов 6-июнда ага бул окуя боюнча комментарий алууга келишкен журналисттерди «чагымчылдар» деп атады. «Кээ бир журналисттер элди ушунчалык тажатышты да. Менин оюмча, журналисттерге тандоо өткөрүп, “электен өткөрүш” керек», — деди Абдраимов.

Абдраимовдун «Азаттыкка» берген толук интервьюсу

Отставкага кетүүгө себеп жок. Абдраимовдун айтымында, кыргызстандыктардын бардыгы эле анын оставкасын талап кылган жок, болгону «10-15 адам “ар кандай” аттар менен өз пикирлерин жазышкан». «Алар бир күнү бир адамды, башка күнү дагы башка адамды урушушат», — деп эсептейт Абдраимов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жашоо канчалык жакшы экенин түшүнүү үчүн кыргызстандыктарга Индияга барып келүүнү кеңеш кылды. «Кечээ премьер-министрдин жыйынында биздин элди Таж-Махалды көрүп кел деп Индияга жиберели дедим. Айылдагы эл көрсүн, ошол жердин биздин эл кандай бактылуу экенин түшүнүшөт да. Индиянын элинин кедейчилигин, жакырчылыгын, кандай шартта жашап атканын, ошону көрүп келсе биздин эл, айрыкча жанагы туулганда эле нааразы болуп калган адамдар бар го бизде, ошолор көрүп келишсе кыргыз эли кандай бактылуу шартта жашап атканын түшүнүшөт», — деди ал.

Ал эгер отставкага кетсе эле өлкөдө жашоо оңолуп кете турган болсо, «дароо азыр» отставкага кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Кайрадан депутат болуп барайын деп жатам. Ыйгарым укуктуу өкүл 2020-жылы өлкөдө күзүндө өтө турчу парламенттик шайлоого баруу планы тууралуу билдирди. Ал кайсы партиянын курамында шайлоого катышарын айткан жок. «Азыр парламентте жарты криминал адамдар отураарын баары билет. Бул туура эмес», — деп айтты ал.

Абдраимов 1995-2000-жылдары депутат болгон.

Атамбаев менен Жээнбековдон урушууну токтотууну сурангам. Абдраимовдун айтымында, ал экс-президент Алмазбек Атамбаев менен да, анын мураскери Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушкан жана ошол жолугушуулар учурунда аларга ортолорунда созулуп кеткен араздашууну токтотууну суранган. Абдраимов Атамбаев анын айткандарына «макул болгонун», ал эми Жээнбеков бул тууралуу «ойлоноорун» айтканын кошумчалады.

Авторлошу: Айдай Эркебаева