ЖКККББнын маалыматына ылайык, март айынан тарта 6-июнга чейин «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айдоочуларга 159 миңден ашуун штраф жазылып берилген, алардын ичинен 43,5% төлөнгөн — бул жол кыймыл эреже бузууларынын 69 миңден ашуун фактысы.

Ведомство эреже бузуучуулардан 100 млн 94 миң 840 сом штраф төлөнгөнүн билдирүүдө.

«Коопсуз шаар» иштеп баштаган убакыттан тарта жолдордо өлүмдүн саны 70% азайган, ал эми жол кыймыл эреже бузууларынын саны үчтөн бирге кыскарган. 2019-жылдын аягына чейин долбоор бүткүл өлкө боюнча ишке кириши керек.

Автосүйүүчүлөр долбоорду чийки деп эсептеп, айып пулдардын өлчөмү өтө эле жогору болуп жатканына арызданышууда. Жолдо эреже бузганы үчүн айдоочу 1000 сомдон 5550 сомго чейин айыпка жыгылышы мүмкүн. Парламенттин депутаттары жана активисттер өлкөдө айлыктын аздыгын эске алуу менен айып пулдардын өлчөмүн азайтууну бир нече жолу талап кылышкан, ал эми 21-майда болсо өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аларды карап чыгууну тапшырган болчу.