Июнь коогалаңын эскерүү иш-чарасы. Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматыныкы

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон июнь коогалаңына быйыл тогуз жыл толду. Ага карата 10-июнь күнү Ош шаарындагы «Эненин көз жашы» монументинде эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары болуп 100гө жакын киши катышты. Анда куран окутулуп, гүл чамбарлар коюулуп, аягында монументтин жанындагы «Тынчтык коңгуроосу» кагылды.

Расмий маалыматтар боюнча июнь окуясында 400дөн ашуун киши каза болуп, 1500дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 2000 кишиден ашкан.

Улуттар аралык кагылышуу 2010-жылдын 10-июнунда башталып, үч күнгө созулган. Кырдаал 14-июнь күнү эртең менен турукташа баштаган.