Казакстандын БШКсы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды — Токаев жеңди

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

БШКнын маалыматтарына ылайык, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев үчүн шайлоочулардын 70,76% добуштарын беришкен.

Экинчи орунга 16,2% добуш алган «Ұлт тағдыры» бириккен улуттук-патриоттук кыймылынын талапкери Амирхан Косанов чыккан. Үчүнчү орунга шайлоочулардын 5,2 пайыз добушун алган «Ак Жол» партиясынын талапкери Дания Еспаева алган.

Калган төрт талапкер төрт пайыздан аз добушка ээ болушту. Жалпысынан шайлоочулардын 77,4 пайызы добуш берүүгө катышышкан.

Казакстандын президентинин шайлоосу ар кайсы шаарлардагы митингдер жана көптөгөн эреже бузуулар жөнүндө билдирүүлөр менен коштолуп өттү.

Социалдык тармактарда участоктордо тартылган видеолор тарап, анда бир адам урнага бир нече бюллетендерди салып жатканы жаздырылган.

Ошондой эле айрым участкаларда бир эле учурда көп адамдар пайда болгону болушу мүмкүн — байкоочулар мындай тажрыйбаны шайлоочуларды ташып келүү деп аташууда. Көбүнесе мындай адамдар добуштарын бийликчил талапкерге беришет. Участкалардын биринде байкоочулар шайлоо комиссия столдун алдында Токаев үчүн добуш берилген бюллетендерди кармап отурушканын катташкан.

Активисттер, журналисттер жана укук коргоочулардын кармоолору да орун алды. ИИМдин маалыматы боюнча, Нур-Султан менен Алматада полицияга 500гө чукул адам жеткирилген, бирок, расмий эмес маалыматтарга ылайык, кармалгандардын саны андан да көбүрөөк. ИИМ билдиргендей, нааразычылыктар — бул «радикалдык маанайдагы элементтер тарабынан коомдук кырдаалды туруксуздандыруу» аракеттери.

Ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев кармалгандар «тыюу салынган экстремисттик уюмунун КДТ чакырыгы боюнча» (Казакстандын демократиялык тандоосу) каршылык акциясына чыгышканын билдирди. Бул кыймылды чет өлкөдө жашаган оппозицияонер Мухтар Аблязов жетектейт — Казакстанда аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан.

Кармалгандардын арасында «Азаттыктын» казак редакциясынын фотожурналисти Петр Проценко менен кабарчысы Сания Тойкен жана France-Pressтин журналисти Крис Риклтон болушкан. Ошондой эле казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун кызматкери Дмитрий Тихонов менен укук коргоочу Мариус Фоссум кармалган.