Мушташтын аралаш түрү боюнча UFC версиясындагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 8-июндун кечинде эң мыкты таймаш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар кошумча бонус алат. Шевченко бул таймаш үчүн жалпысынан 300 миң доллар алат.

Шевченко чемпиондук курун ийгиликтүү коргой алды жана беттештин экинчи айлампасында эле каршылашы Жессика Айды бут менен тээп нокаутка жыга алды.

Таймаштан кийин Жессика сокку «укмуштуудай» болгонун билдирип, беттешти «катаал» катары баалаган.

«Валентина Шевченкону куттуктайм. Бул укмуштуудай сокку болду. Сени менен рингге чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазымын. [...] Мен сонун машыгуу лагерин өткөрдүм, өзүмдү мындан жакшыраак эч качан сезген эмесмин. Бирок мен белгилүү бир каталарды жасадым жана алар мага кымбатка турду. Кээде мушташтар абдан катуу болот, бирок мен буга өзүм баш байлагам», — деди Ай.

Мелдеш бүткөн соң Шевченко Чикаго шаарынын кафелеринин биринде кыргызстандыктар менен жолугушкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков да Шевченкону телефон аркылуу жеңиши менен куттуктап, анын даярдыгы «мыкты» экени байкалып турганын айткан.

«Чемпиондукка карай жол эч убакта жеңил болбойт. Ал эми бул наамды коргоп калуу андан бешбетер кыйын. Бирок сиз атаандашыңызды оңой эле жеңип алдыңыз. Сиздин даярдыгыңыз алда канча мыкты экени көрүнүп эле турду», — деди Жээнбеков.

Шевченок менен Айдын ортосундагы күч сынашуу 8-июна АКШнын Чикаго шаарында болуп өттү. Шнвченко өзүнүн чемпиондук курун эң эле жеңил салмак категориясында коргоду.