Жалал-Абаддын Барпы театры Орусиянын шаарларын спектакль менен кыдырат

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры Орусиянын 10 шаарына гастролдоп барат. Чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктарга театр жамааты Мар Байжиевдин «Адашкан адам» спектаклин тартуулашат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Орусияга театралдык гастроль уюштуруунун максаты мекендештерге руханий азык тартуулоо.

«12-июндан тарта Барпы атындагы кыргыз драма театры кыргызстандыктар көп жашаган Орусиянын шаарларын атайын маданий программа менен кыдырууну баштайт», — деп маалымдашты министрликтен.

Бир айга чукул созулган маданий иш-чара Новосибирск, Новокузнецк, Екатеринбург, Томск, Красноярск, Иркутск, Тюмень, Перьм шаарларын жана Хакасия, Тыва республикаларын камтыйт.

Театр кызматкерлеринин Орусияга гастроль менен аттанышы Кыргызстан эгемендик алгандан бери алгачкы ирет болуп жатат. Спектаклди Барпы театрынын 14 кызматкеринен турган топ аткарат.