Жогорку Кеңештин депутаттары 12-июнь күнү парламенттин жыйынында бир нече күн мурда коррупцияга каршы күрөш үчүн өткөн митингде парламентти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүнө жооп беришти. «Клооп» билдирүүлөрдүн негизгилерин топтоду.

Дастан Жумабеков: Атамбаев Матраимовдордун арты менен президенттик шайлоодо 100 миңдеген добуш алган.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун арты менен президенттик шайлоодо 100 миң добуш алганын билдирди.

«Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Эмнеге ошону айтпайсыз, Алмазбек Шаршенович?» — деп кыжырданды Жумабеков.

Ал Матраимовдордун үй-бүлөсү «Кыргызстандын элине кызмат кылат», ошондуктан аткаминерлер алардын тойлоруна барышат деди.

Май айында депутаттар менен Жумабеков Матраимовдор уюштурган спорттук иш-чарада сүрөткө түшүп калышкандыктан, коомдук талкуунун чордонуна түшүп калышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун үй-бүлөсү президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кампаниясын каржылаганын бир нече жолу кыйыткан.

Канатбек Исаев: Батукаевдин ишинин артында Атамбаев турат

Депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы бошотулушунун артында экс-президент турат деп билдирди.

«Атамбаев мени чакырып алып, экөөбүздүн ортобузда чоң сөз болгон. Өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо менин бардык күмөнүм тараган. Бул иштин артында Атамбаев тураары мен үчүн белгилүү болгон [...] Мындай ишти бир гана президент ишке ашыра алат», — деди Исаев.

Ошондой эле, ал Атамбаевди 8-июнда Бишкектеги митингде сүйлөп жатканда «ар бир экинчи сөзү» жалган деп айыптады.

«Атамбаев “мен бийликке келгенде, 2010-жылы чек ара кызматкерлеринин айлык акысы эки миң сом болчу” деп айтты. Мен чек ара кызматына сурам жөнөттүм. 2010-жылы офицерлер 12 миң сом алчу, бүгүнкү күндө 18 миң сом алат [...] Демек, бул [Атамбаевдин] жалган маалыматы», — деди Исаев.

Депутат экс-президенттин чек ара кызматындагы коррупция тууралуу ага билдирип турушкан эмес деген сөздөрүн «жалган» деп атады. Атамбаев митингде бажыдан канча уурдалып жаткандыгы тууралуу «билген эмесмин» деп айткан эле.

«Кокус бир маалыматтар жетпей кала турган болсо, ал өзүнүн көздөгөн кадрын, Абдил Сегизбаевди күнөөлөсүн», — деди Исаев.

Абдил Сегизбаев — Атамбаевдин тарапташтарынын бири жана Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин (УКМК) мурдагы башчысы. Ал өз кызматынан Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосунда араздашуу башталгандан көп өтпөй кеткен.

Ошондой эле Исаев Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбеков менен УКМКнын мурдагы башчысы Идрис Кадыркулов бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «калкалашкан» деп айткандарын да чындыкка коошпойт деп билдирди.

«Жарым сааттык эле сөзүндө Атамбаев ушунча жалган сөздү сүйлөдү. Бирок бир сөзүнө толук кошулам. Кыргызстан колхоз эмес, кыргыз эли кой эмес Атамбаевдин калп сүйлөгөнүнө биз ишене тургандай», — деп айтты Исаев.

Ал ошондой эле финполицияны экс-президентти мыйзамсыз баюу фактыларына текшерүүгө чакырды.

Иса Омуркулов: Атамбаев жата берсе эч ким ага тийишмек эмес

Депутат Иса Өмүркулов мындай кырдаал түзүлгөнүнө Атамбаев өзү күнөөлүү деп билдирди, анткени ал башкаларды «жатып алып тепкилеп жатат».

«[Атамбаев] мөөнөтү бүткөндөн кийин тынч эле отурса жакшы болот эле [...] Жата берсе эч ким тийишмек эмес. Бүгүн ошо камалган балдардын убалына калып жатат. Бүгүн митинг уюштуруп, камалган балдардын жакындарына актанып, асмандан түшкөн аппак кишидей болуп жатпайбы», — деди Өмүркулов.

Андан тышкары, Өмүркулов элди бөлбөй тынч жашоого чакырды.

Иса Омуркулов — Алмазбек Атамбаевдин мурдагы тарапташы. Ал эки саясатчынын ортосунда араздашуу башталгандан көп өтпөй эле Сооронбай Жээнбековду колдоорун көрсөткөн.

Ал «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Өмүркулов кыймылды колдойт деп айтып чыккандан кийин социал-демократтардын катарынан чыгарылган.

КСДПдан Өмүркуловдун иш-аракеттерин «партиянын уставы менен идеяларына каршы келет» деп эсептешкен, бирок ал партиядан чыгарылганы менен парламенттик фракциядагы депутаттардын катарында калган.

Депутат Ирина Карамушкина: Коркоктук менен эки жүздүүлүктүн айынан Кыргызстанда жакшы жакка эч нерсе өзгөрбөйт

Экс-президенттин парламенттеги эң жигердүү тарапташтарынын бири Ирина Карамушкина, анын парламенттеги кесиптештери Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга багыттап жатышканын билдирди.

«Атамбаевди камайсыңар, андан өлкөдө эмне өзгөрмөк эле? Сатып кетүүдөн, коркоктуктан жана эки жүздүүлүктөн баштап өлкөдө жакшы жакка өзгөрүү болбойт. Силер мына ушундай бийликти колдоп жатасыңар», — деп айтты Карамушкина.

Анын айтымында, Атамбаевдин тарапташы Икрамжан Илмиянов президент Сооронбай Жээнбеков БШКны «шайлоо комиссиясына 30 млн доллар берүү» менен сатып алганына күбө болгондугу үчүн камалган.

«Өлкөдөн 700 млн доллар алып чыгып кетип жатышканда баарыңар үн катпай турасыңар. Анткени үн чыгарбоо ыңгайлуу», — деди Карамушкина.

Карамушкина «Азаттык» басылмасынын журналисттери жүргүзгөн иликтөө тууралуу айтып жатат. Анда аталган каражатка Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн экендиги маалымдалган.

Авторлоштору: Элвира Султанмурат кызы, Айгерим Рыскулбекова