Финполдун кызматкерлерине орой сөз айтууга жана сөгүнүүгө тыюу салынды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматынын кызматкерлери. Сүрөт: Финполдун басма сөз кызматы

Өлкө башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматтын (финпол) уставына кошумча киргизилген токтомго кол койду. Бул кошумчалар ведомствонун кызматкерлерине орой сөз айтууга жана нормативдик эмес лексиканы колдонууга тыюу салат.

Документте айтылгандай, бул «каржы полициясы органдарында кызматтык тартиптин талаптагыдай деңгээлин камсыздоо максатында» жасалган.

Финполдун уставы кызматкерлерге болгон дагы башка талаптар менен толукталды — мисалы, өзүнө жана башкаларга жоопкерчиликтүү жана ак ниетүү мамиле кылуу, ошондой эле уят-сыйыттуу жана адептүү болуу.

Токтомго 30-майда кол коюлган, бирок бул тууралуу 12-июнда гана белгилүү болгон.