Ош шаарынын тургуну Орозали Калыков 28 жылдан бери облустук театрда куурчак жасап иштеп келет. Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган чебер эмгек жолун көркөм-сүрөтчүлүктөн баштаган.

Бала чагынан сүрөт тартууга кызыккан Калыков 1970-жылы Фрунзедеги исскуство институтуна тапшырат. Төрт жылдан кийин окуу жайды аяктап Ош шаарына кайтып келет.

Алгач ошол кездеги Сергей Миронов, азыркы Бабур атындагы театрга көркөм-сүрөтчү болуп орношот. Ал театрда коюлган спектакль жана пьесалардын сахнадагы жасалгалоосуна жооптуу болгон.

Союз урагандан кийин Ош облустук куурчак театры түзүлөт. Анын эмгек жамааты Орозали Калыковду жаңы ачылган театрга иштөөгө чакырышып, аны Бишкекке окууга жиберишет.

«Чакырышканда “мен куурчак театрынын ишин билбесем, кантип иштейм” десем, “өзүбүз окутуп алабыз” дешти. Ошентип Бишкекке жөнөтүштү. Ал жактагы республикалык куурчак театрынан куурчактардын жасалгаларын көрдүм. 15-20 күндө куурчак жасоону үйрөнүп кеттим», — деп эскерди чебер.

Калыков ар бир коюлуучу спектакльдагы каармандын образындагы куурчакты жасап келгенине 28 жылдай болду. Жылына 20га жакын куурчак жасайт.

«Куурчакты жасаш үчүн биринчи сүрөтүн тартыш керек. Андан кийин ылайдан же пластилинден анын түзүлүшү жасалат. Анан гипс менен формасын алабыз. Формасы чыккандан кийин ундан жасалган клей менен сыртынан кагаз чаптай баштайбыз. 10-15 кабат кагаз чапталган соң куурчак даяр болот. Ага кийим-кечекти өзүнчө цехте тигишет», — деп түшүндүрдү ал.

Чебердин колунан «Тайбас», «Менин досум күн», «Короодогу тополоң», «Ким күнөөлү», «Алтын жөжө», «Кумайык», «Токойдогу окуя», «Кыямат», «Кичинекей Али», «Ордолуу менин Ош шаарым», «Достордун чатагы» жана башка көптөгөн спектаклдарга куурчактар жасалган.

Калыков Өзбекстандын Андижан шаарындагы театрга да атайын чакыруу менен барып бир спектакль үчүн куурчактарды жасап берип келген. Ал чыгармачылыгы үчүн маданият министрлиги тарабынан ардак грамота менен сыйланган. 2011-жылы президенттин колунан да сыйлык алган.

Алдыда Орозали Калыков дагы да болсо талыкпай иштеп, заман талабына жараша куурчактарды жасап, режиссёрлор менен биргеликте жаш муундар үчүн көп спектаклдарды тартуулоону максат кылган.

Фотосүрөттөрдүн редактору: Адилет Абдырасул уулу
Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы