Токаев Казакстандын президенттик кызматына киришти

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурация салтанаты 12-июнда Нур-Султанда болуп өттү.

«Биринчи кезекте мен мага көрсөтүлгөн ишеним жана колдоо үчүн бүткүл Казакстандын элине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул шайлоо демократиялык талаптарга ылайык болуп өттү. Ушундай абдан маанилүү саясий атаандаштыкта элибиздин акылдуулугу жеңди», — деп айтты Токаев өзүнүн инаугурациясы учурунда.

Бул Токаевдин экинчи инаугурациясы — анын биринчи жолу президенттик кызматка киришүүсү 20-мартта, тагыраагы Казакстанды дээрлик 30 жыл алмашпай башкарган биринчи президент Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин болгон.

Токаев болуп өткөн президенттик шайлоодо добуштардын дээрлик 71% ээ болгон. Шайлоо массалык митингдер менен коштолуп, полиция эки күндүн ичинде 700дөн ашуун адамды кармаган. Байкоочулар бюллетендерди таштоолор менен эреже бузуулар тууралуу билдиришкен.

Ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев кармалгандар «тыюу салынган КДТ экстремисттик уюмунун чакырыгы боюнча» (Казакстандын демократиялык тандоосу) каршылык акциясына чыгышканын билдирген.

Бул кыймылды чет өлкөдө жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов жетектейт. Казакстанда аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан.