Мамлекеттик резиденциянын басма сөз залындагы өчүрүлгөн LED экран. Сүрөт: «Кактус»

«Кактустун» журналисттери маалымдашкандай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусундагы трансляцияны өчүрүп салышты.

Журналисттер өлкө башчыларынын жолугушуусун LED экрандан көрүп отурушкан. Президенттин басма сөз кызматы мындай практиканы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков болгондон бери киргизишкен.

Президенттин администрациясынын түшүндүрүшкөндөй, трансляцияны жолугушуунун расмий бөлүгү бүткөндүгү үчүн өчүрүшкөн, ал эми калган бөлүгү пресса үчүн эмес. Бирок, журналисттердин айтымында, трансляция Жээнбеков кыргыз-кытай экономикалык долбоорлору тууралуу сүйлөп жатканда өчүп калган.