Финчалгындоонун башчысы Матраимовдордун үй-бүлөсү менен тууганчылык байланышын ырастады — буга чейин ал муну четке каккан болчу

Гүламжан Анарбаев. Сүрөт: Султан Досалиев / КРдин президентинин басма сөз кызматы

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө куда болоорун ырастады. Ал жетектеген ведомство финпол менен биргеликте «Азаттыктын» Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматты текшерип жатат.

«Матраимовдор мындан 20 жыл мурун менин карындашымды келин кылып алган. Чоң уулу 19 жашка чыгып калды. Аларды кой мага сөз тийип атат деп ажыраштырып жибериш керекби? Баарын эле жумуш менен аралаштыра берген да туура эмес», — деди Анарбаев.

Анын билдирүүсүн ведомствонун басма сөз кызматы тараткан. Бирок мекемеден төраганын карындашы ага-ини Матраимовдордун кайсынысынын аялы деген суроого «Клоопко» жооп бере алышкан жок.

Анарбаев Матраимовдор менен эч кандай мамилеси жок экенин жана аларды эч нерсе байланыштырбасын айтууда.

«Алар өзүнүн жолунда, биз өзүбүздүн жолубузда жүрөбүз. Ушул учурдан пайдаланып айтып кетейин, мына бир жарым жылдан бери социалдык тармактарда, мени, Асылбек Жээнбековго куда, тууган кылып ар кандай схемаларга кошуп жүрүшөт. Бул чындыка дал келбеген ушак кеп [...] Асылбек Шариповичти телевизордон көрүп калбасам, өзү менен жакындан тааныш эмесбиз», — деди финчалгындоонун башчысы.

Мурдараак Мамфинчалгындоонун башчысы Гүламжан Анарбаев «Спутник» басылмасына анын карындашы Руслан Матраимовдун аялы экенин четке кагып койгон. Анарбаев менен Матраимовдордун тууганчылык байланышы тууралуу депутат Ирина Карамушкина айтып чыккан болчу.

Ал өзүнүн фейсбук барагында Анарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кудасы болоорун жана бир тууган Матраимовдордун кичүүсү — Руслан — мамфинчалгындын башчысынын карындашынын күйөөсү экенин жазган.

Карамушкинанын билдирүүсү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүчөсү Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнүн шартында болду. Финполиция анын мүлкүн беш айдан ашык убакыттан бери текшерүүдө.

Бир тууган Матраимовдордун улуусу жана парламенттин депутаты Искендер Матраимовдун айтымында, алардын үй-бүлөсүнүн бардыгынын мүлктөрү текшерилүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ведомстволорго Матраимовдордун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү эки жолу тапшырган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: