Жээнбеков: Кытайдын улуттук азчылыктар маселеси өлкөнүн жеке ички иши

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда улуттук азчылыктар боюнча маселесинде Кытайдын позициясын колдоду.

2018-жылы күзүндө Кытайдагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын бийлигине жардам сурап кайрылышкан. Алар Кытайдын бийлиги экстремизмге каршы «кайра тарбиялоочу лагерлердин» жардамы менен күрөшө баштаганын айтышкан, алардын ичинен көпчүлүгү Кытайда калган туугандары менен байланышты жоготушкан.

«Кытайдын улуттук азчылыктарына тиешелүү маселеси Кытайдын жеке ички иши болуп эсептелет. Аталган маселеде силердин позицияңарды колдой турганымды өзгөчө белгилегим келет», — деп кайрылды Жээнбеков КЭРдин төрагасына.

Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан менен Кытай терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүүдө бирдей позицияга ээ.

«Кыргызстан биздин өлкөлөрдүн ортосундагы буга чейин сүйлөшүп жетишилген макулдашуулар менен келишимдердин ченемдерин жана принциптерин дайыма сактайт. Биздин өлкө Кытай үчүн жакшы дос, кошуна, шексиз жана ишенимдүү өнөктөш», — деп айтты Кыргызстандын президенти.

Кытайдын «кайра тарбиялочу лагерлери»

2018-жылы күзүндө Human Rights Watch (HRW) уюмунун укук коргоочулары Кытай Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда коомдук башкаруу системасын кантип киргизгендиги тууралуу доклад жарыялашкан.

Уюмдун маалыматтарына ылайык, 2016-жылдын аягынан тарта Кытай бийлиги региондогу мусулмандарды түрмөлөргө жана кайра тарбиялоочу лагерлерге массалык түрдө жана негизсиз жибере башташкан. Баяндамага ылайык, мындай лагерлерде 1ден 3 миллионго чейин киши орун алган жана аларга карата физикалык жана психологиялык кыйноолор колдонулган.

2018-жылы ноябрда «Эркин Азия» радиосу Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу округундагы Кайыз айылынын 300 тургунунун кармалгандыгы тууралуу кабарлаган. Бул айылда 1500дөй этникалык кыргыз жашачу. Алардын туугандары жардам сурап Кыргызстандын бийлигине кайрылышкан.

Бирок Жээнбеков 2018-жылы декабрда бул маселени «этият жана дипломатиялуу» чечүү керектигин айткан.

«Биздин түрмөлөрүбүздө дагы кытайлыктар отурат, бирок Кытай бийлиги бизге эч нерсе деп кыйкырган жок. Кытайдагы кыргыздар — Кытай жарандары жана аларга Кытайдын мыйзамдары иштейт. Бул коркуу эмес, жөн гана абайлаш керек», — деген эле президент.

Ошондой эле Кыргызстандын ТИМи Кытайдагы «кайра тарбиялоочу лагерлерде» кыргыздар жок деп билдирет.

Кытай — Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана башкы грант берүүчүсү. Кыргызстан Кытай мамлекеттик «Эксимбанкынан» 1,7 млрд доллар кредит алган. Бул өлкөнүн бардык тышкы карыздарынын 43%нан көбүн түзөт. Эгер өлкө пайыздарды же кредитти төгө албаса, анда Кытай эл аралык арбитражда каалаган активди талап кылып алууга уктуу болот.