Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Ош облустук балдар ооруканасында онкология дарты менен жети бала дарыланууда. Бейтаптардын тең жарымын лейкозго (кан рагы) чалдыккандар түзөт. Онкологияга кабылган балдардын ата-энелери ооруга каршы кантип күрөшүп жатышат жана өлкөдө аны айыктырууга кандай шарттар түзүлгөн?

Италияга чейинки дарылануу

Өзгөн районунун тургуну Изат Бекботоевдин уулу тогуз айлык кезинде ысытмасы көтөрүлүп ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер баланын ичеги-карынына суук өтүп калганын айтышып, бир айлык укол жазып беришкен. Кийинчерээк бала өзүн начар сезе баштаган.

«Өзгөн райондук ооруканасына алып бардык, каны 30га түшүп калыптыр. Тезинен Ошко баргыла дешти. Оштон балага гемоглобинди көтөрө турган уколдорду берип жатышты. Анан гемоглобини кайрадан 20га түшүп калганда, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Кан куйгандан кийин балабыз жакшы болуп калды», — деди Бекботоев.

Уулунун саламаттыгына кабатырланган ата анын дартын аныктоо үчүн Бишкекеги Улуттук онкология жана гематология борборуна алып барат. Баланын жамбаш сөөгүнүн чучугунан анализ алынып, ак кандуулук диагнозу коюлат.

Чүрпөсүн айыктыруу үчүн чет өлкөгө алып барып сөөк чучугун трансплантация кылдырууну чечет. Анткени Кыргызстанда аталган процедура жасалбайт.

Ал кайрымдуу адамдардын жардамы менен уулун эки жолу Италияга алып барып айыктырууга аракет кылган. Биринчисинде, жилик чучугун трасплантация кылууга донор табылбай калган. Экинчи жолу барганда, баланын атасы өзү донор болуп берген. Тилекке каршы, беш жолку аракеттен тең майнап чыккан эмес.

«Наркоз берип жамбаш сөөктүн жилик чучугун тешип алышат экен. Жыйынтыгы 21 күндө билинет дешти. Кийин сенден алынган жилик чучугу жашаган жок деп айтышты. Андан кийин дагы аракет кылышты, бешинчисинде мен өзүм кыйналып калдым. Тамырларым жарылып кетти десем, ушул акыркысы дешти», — дейт ал.

Андан кийин бала ата-энеси менен Кыргызстанга кайтып келип, ага тынымсыз кан куюлуп турган. Тилекке каршы, бала жети жашында каза тапкан.

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

«Кыямат кайым болгондой эле туюлду»

37 жаштагы Тилдекан эки баланын энеси — кызы 8-классты аяктады, уулу 5 жашта. 2017-жылдын сентябрь айында жумуш арасында баласынан кабар алганы бакчага барып, уулу сыртта баш кийими жок ойноп жүргөнүнө күбө болот. Ошол күнү күн чайыттай ачык болуп турган. Тарбиячысынан «эмнеге баш кийими жок жүрөт» деп сураса, «башынан түшүп калат деп кийгизбедим» деп жооп берет.

«Баламды жумушка алып келе бердим. Демейдегидей ишимди жасап отургам, бир маалда уулумдун мурду канай баштады. Үйгө алып бардым, анда да токтобой канай берди», — деп эскерет ошол күндү эне.

Баласынын абалына кабатырланган эне жолдошуна чалып, үйгө тез келүүнү айтат. Кийин экөөлөп аны ооруканага жеткиришет. Дарыгерлер текшергенде баланын каны 28ге түшүп кеткен болот. Дароо кан таап куйдурушат. Эртеси күнү эне баланы онкология бөлүмүнө которушат.

«Дарыгерлер кан оорусуна шекшип, анализ тапшырасыңар дешти. Эртеси күнү Оштон Бишкекке жөнөдүк, анткени бул жакта лейкоз (кандын рак оорусу) деген диагноз коюшту. Мен ишенбедим. Ошондуктан Бишкекке барып тактагым келди. Ал жакка барсак оорусу тастыкталды», — деп кейиди Тилдекан эже.

Лейкоз — бул ак кандуулук же кандын рагы. Кандын курамында рак клеткалары пайда болуп, тездик менен көбөйө баштайт. Жыйынтыгында таза кан клеткалары жабыркап, өз функцияларын толук аткара албай калышат. Мындан улам адамдын бардык ички органдары жабыркайт.

Баласы Улуттук онкология жана гемотология борборунда бир айга чукул даарыланат. Ал арада баланын денеси карышып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калат.

«Коридордо басып баратканда көздөрү кызарган, чачтары алынган, арык балдарды көргөндө эле кыямат кайым болгондой эле туюлду. Бир өзүмдү жоготуп, бир өзүмө келип жаттым. Анткени үч уктасам да мындай оору түшүмө кирген эмес», — дейт эне.

Кийинчерээк уулу Ошто сегиз ай бою амбулатордук дарылануудан өткөн. Бул учурда ал химиялык терапия алып турган — рак клеткаларын жок кылуу үчүн химиялык терапия дайындалат. Бирок процедуранын алкагында соо клеткалар да жабыркап калышы мүмкүн. Химиялык терапиядан кийин кан азайып кетет, ошондо бейтапка кан куюлуп турат.

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

«Көп жыл дарыланып жүрдүм»

Тилдекан эженин айтымында, керектүү препараттардын айрымдарын ооруканадан беришкен, кээ бирлерин ата-эне өз чөнтөгүнөн сатып алып турган. Кыргызстанда жокторун Орусиядан буйрутма менен алдырышкан.

Ал эми оорунун келип чыгуу себеби туурасында энеде бир нече божомолдор бар. Биринчиси, балалуу болуу максатында көп дарыланып койгону, экинчиси химиялык тазалоо ишканасында эмгектенгени.

«Көп жыл дарыланып жүрдүм. Дарыгерлер үмүт жок, төрөбөйсүң дегенден кийин кокусунан боюма бүтүп калды да. Ошого көп дарыланып койдумбу деп ойлоп коём. Химиялык тазалоодо иштегеним менен химикат менен байланышым жок болчу. Баары бир ал жакта дем алабыз, тамактанабыз дегендей», — дейт ал.

Ош облусттук балдар ооруканасынын гематология жана онкология бөлүмүнүн жетекчиси Маматазиз Рахимовдун айтымында, онкологиялык оорулардын келип чыгуусу боюнча үч негизги теория бар: радиациялык, инфекциялык жана химиялык.

«Радиациялык нурдануунун таасири астында адамдын организми жабыркашы мүмкүн. Инфекциялык ооруларда иммунитет түшүп кетип, рак клеткалары көбөйүп кетиши ыктымал. Бардык эле мөмө-жемиштер химикаттардын жардамы менен өстүрүлүп жатат. Бул дагы онкологиялык ооруларды пайда кылышы мүмкүн», — дейт Рахимов.

Эки жылдык тынымсыз дарылануудан кийин Тилдекан эженин уулу сакайып кеткен. Кубанган эне эми дайыма уулунун жанында.

Ош облустук балдар ооруканасында 15 жашка чейинки 22 бала даарыланууда. Алардын 12си гематологиялык жана 7си онкологиялык оорулуулар. Онкологиялык оорулардын ичинен лейкозго бейтаптардын жарымы кабылган.

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Балдардын онкология оорусу эки эсеге көбөйгөн

Балдар гематологиясы жана онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жунушалиева Кыргызстандын шартында кан рагы менен ооругандардын 80 пайызын айыктыруу мүмкүн дейт. Акыркы үч жылда 72 бала даарыланса, анын ичинен 58и айыккан. Ал эми бейтаптардын калган 20 пайызы бир нече себептерден улам айыкпай жатканын билдирди.

«Жыйынтык төмөнкү учурларда болбойт деп айтам: эгерде рак клеткалары химиялык терапияга баш ийбесе, бейтап дарыгерге кеч кайрылса — көбүнчө төртүнчү стадияда кайрылышат. Инфекциялык кабылдоосу — биз кандын оорусу тууралуу айтып жатсак, бул учурда бардык көрсөткүчтөр төмөндөйт. Анын ичинде иммунитет дагы», — деп түшүндүрдү ал.

Жунушалиеванын айтымында, мамлекет балдарды препараттардын 80 пайызы менен камсыздап келет. Ал эми калгандары аябай кымбат болот же дарыланууда сейрек колдонулат дейт дарыгер.

2018-жылы Кыргызстан боюнча онкологиялык дарт менен 14 жашка чейинки 430-450 бала катталган. 2014-жылы онкология менен ооруган балдардын саны 230-250 болуп турган. Төрт жылда оорулуулардын саны эки эсе көбөйгөн.

Бул көрсөткүчтү дарыгерлер дартты аныктоо иштеринин көбөйүшү менен байланыштырышат. 2014-жылга чейин өлкөдө 1 онкологиялык балдар дарыгери болсо, 2018-жылы Бишкекте 10, Ошто 3 дарыгер иштеген.

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Баланын өлүмүн жеңилдеткен паллиативдик жардам

Паллиативдик жардам (ред. — абалды убактылуу жеңилдетүүчү чара) бейтаптарга онкологиялык оору өрчүшүп кеткен учурда, химиялык препараттар жардам бербей калган учурда көрсөтүлөт. Бул учурда дарыгерлер оорунун белгилерин гана даарылайт. Мисалы, бейтаптын мурдунан кан агып кетсе, аны токтотуу үчүн дарылар берилет. Бир жери ооруса, ооруну басаңдатуучу укол жасалат. Дарыгерлер баланын өлүмүн жеңилдетиш үчүн ага кам көрүшөт.

Ошто жылына 7-8 балага паллиативдик жардам берилет. Балдар ооруканасында эки орундуу бир палата жайгашкан.

«Бир-эки ай жаткандар болуп калат. Кээ бир ата-энелер балдарын үйлөрүндө карай албай калышат. Мисалы, бир бейтап өз алдынча дем ала албайт дейли. Аны паллиативдик жардам палатасында дем алдыруучу аппаратка туташтырабыз», — дейт Рахимов.

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Ырааттуу тездеткич — азырынча Кыргызстанда жок

Азыркы күндө Саламаттык сактоо министрлигине балдар онкологиясы үчүн жылына Жогорку технологиялык фонддон 9 млн сом бөлүнөт. Мындан тышкары, өкмөт 3-5 млн сом бөлөт. Аталган каражат балдарды керектүү препараттар менен камсыздоого жумшалат.

Ал эми комплекстүү дарылануу болушу үчүн балдар нурлуу терапиядан өтүшү керек. Өлкөнүн өз алдынча ырааттуу тездеткич сатып алууга каражаты жетишсиз.

Ырааттуу тездеткич — бул адамдын соо клеткаларына болушунча аз зыян тийгизип, өсмө клеткалары менен күрөшкөн аппарат. Азыркы ырааттуу тездеткичтердин көпчүлүгү компьютер менен башкарылат, ал кайсы жерге нурдун агымын жибериш керек экенин абдан так эсептеп бере алат.

Жунушалиева онкология дартын айыктырууда нурлуу терапиянын орду абдан чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, онкологиялык оорулуурадын 60% нурлуу терапиядан өтүшү керек, анын ичинде лейкозго кабылгандар дагы. Мында оорунун кайрадан кайталануу коркунучу азайтат.

2016-жылы «Жардам берген оңой» кайрымдуулук фонду тездеткич сатып алууга акча чогулта баштаган. «Кумтөр» 2017-жылы сентябрда онкологиялык борбор үчүн заманбап жабдык сатып улууга 10 млн. доллар бөлгөн, анын ичинен жети миллиону тездеткич сатып алуу үчүн Онкокызматты колдоо фондусуна которулган.

Тездеткич сатып алуу үчүн биринчи тендер 2018-жылдын январында гана араң өткөрүлүп, андан соң жылдырылып жана токтотулуп келген. Аягында үчүнчү жолу өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен ырааттуу тездеткичти Улуттук онкологиялык борборуна MN Medical OU компаниясы алып келип берээри белгилүү болгон.

Ырааттуу тездеткич жабдыгы

Мындан тышкары, бизнесмен Бабур Төлбаев да 2019-жылдын февралында онкологиялык оорулуулар үчүн ырааттуу тездеткич сатып алууга каражат чогултканын билдирген. Төлбаев жабдык өлкөгө 2019-жылдын аягында алынып келинээрин билдирди.

«Ыраттуу тездеткич боюнча келишимге кол койгонбуз, аны жеткирип беришет. Аны өлкөгө алып келүү үчүн ар кандай уруксат кагаздарын чогултуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Аны ишке киргизүү үчүн компьютердик томограф керектелет. Мындан тышкары, чоң бункер даярдашыбыз кажет. Азыркы учурда эки клиника менен сүйлөшүп жатабыз. Анын бирөөсүнө ырааттуу тездеткич орнотулат», — деди Төлбаев.

Ошентип 2019-жылы Кыргызстанда эки ырааттуу тездеткич пайда болушу мүмкүн. Бирок адистер 6 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн мындай аппараттан 20 чакты керек деп эсептешет.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы