Ош аэропортунда ШКУ саммитинен улам каттамдар кармалып жатат

Ош эл аралык аэропорту. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Фейсбуктун Зарема Султанбекова аттуу колдонуучусу өзүнүн аккаунтунда Ош аэропортундагы Бишкекке учкан каттамдар кармалып жатканын жазып чыкты.

«Ош аэропортунда башаламан абалда отурабыз. Каттамдарды жылдырып жатышат, эл күтүү залында топтолуп жатат. Эч ким кайсы каттам качан учаарын билбейт. Чоң рахмат!», — деп билдирген ал.

«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Ошто каттамдар кармалып жатканын тастыктады. Ал муну ШКУнун катышуучулары Бишкектен учуп кетип жатышканы менен байланыштырды.

«Кайсы бир убакытка коопсуздуктун айынан каттамдар кармалып жатат. Саммиттин катышуучулары “Манас” аэропортунан учуп жатышкандыктан, аэропорт башка каттамдарды кабыл ала албайт. Бирок жакында жүргүнчүлөр учуп кетишет», — деп ишендирди Курбанова.

Басма сөз катчы аэропорт качан штаттык абалда иштеп баштаарын тактап бере алган жок.