Контекст: Коррупция тууралуу иш боюнча жаза өтөп жаткан оппозиционер Өмүрбек Текебаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу «Азаттыкка» курган маегинде айтып берди. Текебаевге каршы кылмыш иши анын Атамбаев менен тирешүүсүнүн шартында башталган — оппозиционер Атамбаев демилгелеген Конституцилык түзөтүүлөрдү сынга алган.

Текебаев өзүн жакшы сезип жатат. Саясатчынын айтымында, ал өзүн жакшы сезип жатат, китеп, гезит окуп, дене тарбия менен машыгып, телевизор көрөт. Текебаев өзүнүн күнөөлүү эместиги тууралуу кайрадан билдирди — анын айтымында, тергөө анын пара алгандыгын далилдеген жок.

Атамбаевдин ишин кароодо шашпоо керек. «Мени Атамбаевдин ишин казганым үчүн камап коюшкан. Ошондо мени тарых актайт деп айткам. Түрмөдөн кол чабуулар менен чыгам деп айткам, бирок Атамбаев менен мындай болушун каалабайм», — деди Текебаев. Саясатчынын айтымында, эгер Атамбаевди да өзүндөй эле ушундай ыкма менен камай турган болушса, анда экс-президент ал жактан БУУ жана башка уюмдардын жардамы менен бир күндө эле чыгып кетет. Текебаев Атамбаев баатырга айланышын каалабасын айтты. Оппозиционер экс-президенттин ишмердүүлүгүн дыкат иликтөөгө чакырды.

Системанын гумандаштырылышы Атамбаев үчүн жасалган. Текебаевдин айтымында, жаңы кодекстер боюнча Атамбаевди өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана жоопкерчиликке тартса болот. Анын айтымында, «Ата Мекен» партиясы Атамбаевге каршы 11 айып чогулткан, бирок алар боюнча системанын гумандаштырылышынын айынан аны жоопко тартуу мүмкүн эмес. Бирок экс-президентти коррупция үчүн жоопко тартса болот.

Атамбаев «Центеррага» 3 млрд доллар үнөмдөп берген. Саясатчынын айтымында, «Ата Мекен» 2013-жылы мөңгүлөрдү сактоо үчүн чыгып жүргөн, бирок Атамбаев алтын казуучу компаниянын кызыкчылыктарын алдыга жылдырган. Жыйынтыгында ал «Центеррага» мөңгүнү толугу менен жок кылууга уруксат берип туруп кетип калды. «”Центерранын” өзүнүн айтышы боюнча, алар 3 млрд доллар үнөмдөштү. Мына эми мен сага үч млрд үнөмдөп берип жатсам, сен мага ыраазычылыгыңды билдирбейсиңби? Кыргыз элине жаман көрүнүп, чет элдик бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн. Бул коррупцияга кирет. Мамлекетке келтирилген зыян көрүнүп турат. Тергөө муну иликтеш керек», — деди Текебаев.

Дача-СУдагы Боингдин кыйроосу жана Атамбаевдин ага тиешеси. 2013 же 2014-жылдары Текебаевге кайсы бир «авторитеттүү адамдар» кайрылып, Кыргызстан аркылуу 10 Боинг менен 45 млрдга чукул доллар ташып өтүүнү суранышкан. Алар аталган акчанын 10 пайызын Кыргызстанда калтырууну сунушташкан. Текебаевдин айтымында, бул Сириянын жана Ирандын сатылган нефтилери үчүн акчалар болгон жана аны АКШдан жашырып коюуга аракет кылышкан.

«4,5 млрд доллар. Анан мен Кытайдын алдындагы бүткүл карызыбыздан кантип кутулуп, Түндүк-Түштүк жолун бүтүрүп жатканыбызды, Кытай менен темир жолун куруп жатканыбыз тууралуу ойлондум. Мейли андан кийин АКШнын түрмөлөрүндө отуруп калалы. Бирок кыргыз эли бизди азаматтар демек», — деди Текебаев.

Анын айтымында, ал бул сунушту Атамбаевге айтып бергенде ал бир нече күндөн кийин макул болгон. Бирок кийин Текебаевге бүтүм жокко чыгарылганын айтышкан. Анткени менен ал убактан бери Боингдер Стамбулдан Бишкекке, андан Гонконгго учуп башташкан.

«Дача-Суда кулаган учак Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажиксандан Стамбулга алтын чыгарып кеткени турганын жана ал жактан накталай акча менен Гонконгго которулушу мүмкүн болгон деп шек санайм», — деди Текебаев.

Саясатчынын айтымында, Бишкектин чет жакасында кулаган Бинг Гонконгдон Стамбулга турмуш-тиричик буюмдарын ташып бараткан. Текебаев бул жүктү учак менен эмес, кеме менен ташыган арзаныраак болмоктугун айтат.

«[Бир чайнек] Гонконгдон кемеге салсаң эки жумада Стамбулга барат жана эки-беш тыйынга кымбаттайт, самолет менен ташысаң бир-эки доллар кошулат. А эмне үчүн булар шашып, сегиз саатта учуп барып калсын деп ал чайнекти Боингге жүктөшкөн? Бул шашылыш буюм эмес да», — деди Текебаев. Анын айтымында, чайнектердин ичи бош, чоң көлөмдү ээлейт — саясатчы алардын ичинде алтын ташыса болоорун кыйытып айтты.

Атамбаев эң эле жаман жазасын алып койду. Текебаев эл Атамбаевдин каталарын көрдү, Атамбаевдин айткандары жалган экенин түшүндү деп эсептейт. «Анын эл караган бети жер карап калды», — деп жыйынтыктады саясатчы.