Жабдыктарды тапшыруу аземи. Сүрөт: UNICEF уюму

UNICEF уюмунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин «Эне жана баланын саламаттыгын бекемдөө» долбоорунун алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук жана Ош шаардык ооруканаларынын төрөт бөлүмдөрүнө 850 миң долларлык жабдыктар тапшырылды.

Аталган иш-чарага саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Жапониянын ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, UNICEFтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

«Берилген жабдыктар өз ичине жасалма дем алдыруучу аппарат, «Жираф» аталыштагы инкубатор, фотолампа, ымыркайлардагы билирубинди аныктоочу түзүлүштү жана башкаларды камтыйт», — деп айтылат уюмдун маалыматында.

«Эне жана баланын саламаттыгын бекемдөө» долбоору 2018-2021-жылдарды камтыйт. Аталган долбоор Япониянын өкмөтү тарабынан каржыланып келет.