Токтогул ГЭСи. Сүрөт: «Электр станциялары»

Эмне болду?

Июнь айынын башында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна болгон сапары учурунда 2019-жылы өлкөдө суусу тартыш болгон цикл башталаарын айткан.

Анын айтымында, жакынкы үч-беш жылда суунун агып келүүсү азаят, андан кийин кайра көбөйөт.

«Ушул жылы суунун азайышы боюнча цикл башталган. Биз суунун 13,5 млрд кубометрдик көлөмүнөн сарптоону токтотобуз деп пландаганбыз. Биз божомолдогондой эле, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө дээрлик 14 млрд кубометрди түзөт», — деди ал.

Анын айтымына караганда, бул жылдан тарта суу үнөмдүү колдонула башталат, анткени кийинки жылдары анын агып келүүсү дагы азайып кетиши ыктымал.

«Бул жылы биз 17 млрд куб метр суу чогултабыз, бул мурдагы жылга салыштырмалуу эки-үч млрд кубометрге аз», — деди ал.

Суунун көлөмү азайды, анан эмне болот?

Кыргызстанда суу бир эле айыл чарба муктаждыктарына гана эмес, электр энергиясын өндүрүү үчүн да колдонулат. Өлкөдө ал суунун Токтогул сактагычына агып келүүсүнөн көз каранды. Суу сактагычта Токтогул ГЭСи курулган, ал өлкөнү 30 пайыз электр кубаты менен камсыздайт.

Суу сактагычтын өзү Нарын дарыясында курулган, ал эми суунун дарыяга куюлушу анын жогору жагындагы кардын топтолушунан көз каранды.

Эгер Токтогул суу сактагычындагы суу абдан аз болсо, анда өлкө бийлиги электр энергиясын чет өлкөдөн сатып алууга аргасыз болуп калат. Эгер аны сатып алууга каражат жетишсиз болсо, электр энергиясын үнөмдөө үчүн бийлик өлкөнүн ичиндеги кезектеп өчүрүүнү колдонуп башташы мүмкүн.

Мындай нерсе 2008-2009-жылдары кышкы мезгилдерде болгон. Анда электр энергиясын чоң көлөмдөрдө экспорттоо же болбосо бийликтин суу сакчагычтагы суунун бардыгын башка өлкөлөргө сугатка сатып жибергени маал-маалы менен өчүрүп турууга алып келген.

Ушунун айынан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин деңгээлге чейин төмөндөп кеткен. Бул президент Курманбек Бакиевдин беделин солгундатып, жыйынтыгында бул анын кулатылышынын себептеринин бири болгон.

Бул жылы электр жарыгы өчүрүлөбү?

Эч ким так билбейт, бирок мамлекеттик «Электр станциялары» компаниясы билдиргендей, электр энергиясынын көлөмү Кыргызстандагы керектөөчүлөр үчүн чектелбейт.

Компаниянын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева Токтогул сактагычына суу сентябрга чейин топтолоорун, андан кийин Кыргызстан электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоп же экспорттобой турганы же аны сатып алып-албасы анык болоорун түшүндүрдү.

«Өткөн кышта Нарын дарыясынын жогору жагында карлар мурдагы жылдарга караганда аз чогулган. Тек гана Нарын дарыясынын жогору жагындагы карлардын чогулушунан дарыянын Токтогул суу сактагычына куюлушу көз каранды», — деп жазган Айдаралиева.

Азыр суу сактагычта канча суу бар экендиги так белгилүү эмес, анткени «Электр станциялары» Токтогул суу сактагычына суунун куюлушунун божомолдору тууралуу маалыматы жарыялабай калышкан. Бирок бул маалымат мурда ачык болчу.

«Электр станциялардан» суу сактагычка суунун агып келиши тууралуу божомол — Кыргызгидрометтин интеллектуалдык менчиги экенин «Клоопко» түшүндүрүп беришти.

«Суу сактыгычтагы суунун көлөмү тууралуу маалымат жашыруун эмес. Көлөмү тууралуу маалыматтарды сурам боюнча бере алабыз. Бизде Кыргызгидромет менен келишим бар, ага ылайык, [суунун агып келиши тууралуу] маалыматты макулдашуу менен гана үчүнчү жактарга бере алабыз», — деди Айдаралиева «Клоопко».

Кыргызгидрометтин басма сөз кызматынан өкмөттүн токтомуна таянып коюшту. Ага ылайык, суунун куюлушу тууралуу маалыматтарды берүү Кыргызгидрометтин акылуу кызматтарынын тизмесине кирет.

«“Электр станциялары” жыл сайын биз менен келишим түзүп, бизден маалымат алат. Мага 24.kgнин журналисттери чалып, маалыматтарды жыл сайын “Электр станциялардан” алганын айтышкан, бирок алар бул маалыматтарды [жарыялабашы керек эле]. [Эмне үчүн алар прогнозду жарыялабоону чечишкенин] алардан сураш керек», — деп айтты Кыргызгидрометтин басма сөз катчысы Жазгүл Бегимкулова.

Авторлошу: Айсымбат Токоева