Эсеп палатасы: Маморгандардагы каржылык бузуулар 2 млрд сомдон ашкан

Улугбек Марипов парламентте

Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов 19-июнда парламенттин жыйынында маморгандардагы жана мамишканалардагы каржылык бузуулардын өлчөмү 2018-жылы 2,3 млрд сомду түзгөнүн билдирди.

Мариповдун айтымында, бул каражаттардын ичинен 1,6 млрд сомунун гана ордун толуктоого болот. Анын ичинен бюджетке 1,4 млрд сому кайтарылган.

Маморгандарда финансылык бузуулар 2017-жылы 2,1 млрд сом, 2016-жылы 2,6 млрд сом деп аныкталган.

Негизги бузуулар

Эсеп палатасынан «Клоопко» кабарлашкандай, маморгандарда көбүнесе маяналарды чегерүүдө негизсиз төлөмдөрдү жасашат.

Негизсиз төлөмдөр боюнча эң ири бузуулар Коомдук телерадиокомпаниядан (50 млн сом), Билим берүү жана илим министрлигинен (41 млн сом) жана Финансы министрлигинен (20 млн сом) табылган.

Ошондой эле маморгандар курулуш-монтаждык иштердин бааларын дайыма кымбаттатып жиберишет. Аудиторлордун маалыматтарына ылайык, 2018-жылы баарынан да Архитектура мамагенттиги бузууларга көп жол берген. Бирок Эсеп палатасы кандай сумма жөнүндө кеп болуп атканын тактап берген жок.

Бузуучулар жазаланып жатабы же жокпу?

Эсеп палатасы 2018-жылы финансылык бузуулар тууралуу 49 материалды прокуратурага, финполго жана УКМКга жиберген.

Укук коргоо органдары жети материал боюнча гана кылмыш иштерин козгогон, дагы тогузун мурда козголгон иштерге бириктиришкен.

12 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, ал эми калгандары боюнча текшерүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстандын бюджети 164 млрд сомдон ашуун каражатты түзөт, ошол эле маалда анын таңсыктыгы акыркы эки жылда 20 млрд сом көрсөткүчтө турат.