Жогорку сот Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карайт

Жогорку соттун басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча отурум 16-июлга дайындалган. Ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү делип табылган.

Партиянын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Текебаевдин ишинде жаңы жагдайлар пайда болгон. Жагдайлар партиянын лидери менен ӨМКдин экс-башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун дарегине тагылган коррупция боюнча айыпты төгүндөйт. Чотонов да иштин фигуранты болуп эсептелет.

Токтакунова 24.kg басылмасына билдиргендей, Маевский банктагы эсебинен млн доллар чыгарган эмес. Бирок ал «Мегаком» байланыш операторунун акцияларынын көзөмөл пакетине ээ болуш үчүн 2010-жылы банктан акчаны биринчи 300 миң андан кийин 700 миң доллар чыгарып алып, пара катары Текебаевге берип жибергенин билдирген.

Юристтин айтымында, Маевскийдин жансакчысы 2010-жылы июлда Бишкекке келбегенин жана Текебаевге да, Чотоновго да акча өткөрүп бербегинин билдирген.

Учурда Текебаев Улуттук кардиология борборунда, ал жакка саясатчыны дарылоону көзөмөлдөө жана кароо үчүн жаткырышкан.

Текебаевдин иши

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ыктымал ортомчу болгон.

Натыйжада саясатчылар мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий жүйөөлүү» деп аташкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Текебаевдин юристтери менен тарапкерлери бир нече жолу анын ишин кайра карап чыгуу суранычы менен Башкы прокуратура менен Жогорку сотко кайрылышкан. Бирок бул жыйынтык берген эмес. 2019-жылы майда Жогорку сот Текебаевдин мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечимди жокко чыгарган.