Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу комиссиянын чечимин колдоду

Парламенттин экс-президент Алмазбек Атамабаевди кол тийбесиктен ажыратууга арналган жыйыны 20-июнда өттү. «Макул» деп 100, «каршы» деп 5 депутат добуш берди. Жалпы 105 депутат катталган.

Парламент «Экс-президент А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомду кабыл алды.

Документти депутаттар Анвар Артыков, Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Карамат Орозова жана Альфия Самигулина колдошкон жок.

Депутат каныбек Иманалиев билдиргендей, Атамбаевди анын призиденттик кол тийбестигинен ажыратууга парламентке эки апта убакыт керектелет.

Депутат жана КСДПнын учурдагы төрагасы Асел Кодуранова Иманалиевди Атамбаевди аны укуктук иммунитеттен ажыратууга арналган жыйынга чакырбаганына айыптады.

«Протоколдук улуулук бар, ал жакта экс-президент бешинчи болуп көрсөтүлгөн. Кандай гана маанилүү иш-чара өтпөсүн, ага расмий чакыруу даректелиши керек. А бул жерде ал тууралуу маселе каралып жатат, чакырып койсоңор болот эле да? Кандай гана болбосун ал экс-президент», — деп келтирет Кодуранованын айткандарын «АКИпресс».

Буга жооп ирээтинде Иманалиев Атамбаевди чакыруу маанилүү экенин, бирок бул тууралуу сөзсүз эле 20-июндагы жыйында талкуулоо зарыл эместигин айтты.

Партияга кирбеген депутат Жанар Акаев эл өкүлдөрү Атамбаевдин ишиндеги кемчиликтер туурасында ал президент болуп турганда айтуулары керек болчу деп билдирди.

«Азыр жыгылганды баса калып тепкилесем — жигитчиликке жатпайт. Бардык мыйзамсыз иштерде парламент чечүүчү учурда бир муштумдай түйүлүп, адилетсиздикке каршы күрөшсөк ушуга окшогон окуялар болбойт эле. Азыркы Атамбаевге жасап аткан чабуулду бардык органдарга, бардык мыйзамсыз иштерге жасашыбыз керек. Ошондо биз өзүбүздүн эл өкүлчүлүк миссиябызды аткарган болобуз», — деп айткан Жанар Акаев.

Алгач депутаттар Атамбаевге каршы тогуз айып тагышкан, бирок кийин алтыга чейин кыскартышкан. Алар Атамбаев президент болуп турган кездеги ага тиешелүү болгон иштерди гана алууну чечишкен.

Комиссия 17-июнда экс-президентти кылмыш кылууга барган жана Бишкек ЖЭБди жаңыртуу, андан тышкары, тарых музейин реконструкциялоо сыяктуу учурда тергелип жаткан кылмыш иштерине тиешеси бар деп айтыптаган.

КСДП Атамбаев өзүнө карата тагылган айыптоолордун айынан өлкөдөн чыгууга камынбаганын билдирген. Партиядан кошумчалашкандай, эгер парламент экс-президентти чакырышса, ал алардын алдында чыгып суроолорго жооп берүүгө даяр.

Бул Атамбаевдин учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан тирешүүсүнүн шартында болууда.