Дастан Жумабеков. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде эмне үчүн анын дарегине сын-пикирлерди айтып чыкпаганы тууралуу «Азаттыкка» курган маегинде айтып берди. Ошондой эле ал өлкөнүн түштүгүндө эң таасирдүү деп эсептелген Матраимовдордун үй-бүлөсү менен болгон байланышы тууралуу сөз кылды.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу кийинки президенттер үчүн сабак болот. Жумабековдун айтымында, Кыргызстандын келечектеги президенттери мамлекет башчысы болуп туруп мыйзам бузууларга жол беришсе жоопкерчиликке тартылышаарын билиши керек.

«Эгер парламент өз баасын берсе, анда [келечектеги президенттер] өз ордуларын билишет [...] Эгер ал [Атамбаев] алты жыл бийликте турганда мамлекеттик бюджетти коррупциялык жол менен калашынча калчап, бардыгын өзү каалагандай кылса, анда кийинки президент жана депутаттар туура эмес иштеп башташат», — деди парламенттин спикери.

Парламенттин спикери белгилеп өткөндөй, Атамбаевге каршы мыйзам бузуулар жана коррупция боюнча айыптоолор «кечээ эле пайда болгон эмес», анткени анын жакын тарапташтары 2018-жылдан бери тергөөнүн алдында.

«Алмазбек Шаршеновчке эч ким күнөө коё албайт, эч ким күнөө коё албайт, аны сот гана далилдейт, эгерде иш сотко барса. Тергөө гана аны далилдейт. Эгер артында кылмыш иштери болсо, анда жооп берсин да», — деп билдирди жумабеков.

Айрым депутаттар Атамбаевге каршы чыгышкан, бирок майнап чыккан эмес. Жумабековдун пикири боюнча, оппозициячыл депутаттардын аракеттеринен майнап чыккан эмес, анткени Атамбаев президент болуп турган жана бийликтин бардыгы анын колунда болчу.

«Адамды эмнеге сен ошондо унчукпай, [Атамбаевге каршы] бүгүн эле чыга калдың деп айыптаган болбойт. Анда жагдай ошондой болгон», — деп түшүндүрдү спикер.

Анын айтымында, кимдир бирөөлөргө Атамбаевдин иштери көрүнүп турган болсок, кээ бирөөлөргө көрүнгөн эмес.

Мыйзам бузганым аныкталса кетем. Парламенттин спикери жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүндүгүн сезээрин билдирди. «Эгер мен тараптан мыйзам бузган учурлар болсо, анда ошону көрсөтүшсүн. Эгер мен мыйзам бузган болсом, анда парламенттин спикерлик кызматынан кетем», — деп билдирди Жумабеков.

Матраимовдор менен болгон байланыш. Спикердин айтымында, анын үй-бүлөсүнүн Матраимовдордун үй-бүлөсү менен эч кандай байланышы жок. Ал май айында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн атасынын урматына арналган Оштогу спорттук турниге кесиптеши — КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов чакыруусу менен барганын айтты.

«Эмне себептен эл сыйлаган үй-бүлөө деп айтканым ошол жерден чыгат да далилдеп кетейин. Ошол жерде көптөгөн аксакалдар бата берди, ошол жерде элдер, апалардан баштап жаштарга чейин ошол үй-бүлөгө жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Ошончо эл аларга жакшылык сөзүн айтып аткандан кийин мен да сыйга, урматка татыган үй-бүлөө деп өз баамды бердим, адам катары, жаран катары ошондой оюмду трибунадан билгиздим», — деди жумабеков.

Ошондой эле Жумабеков түшүндүрүп бергендей, спорттук иш-чараларда эл менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүк болот, ал эми Матраимовдордун спорт турниринде 20 миңден 40 миңге чейин адам болгон.

Матраимовдордун мүлкүн текшерүү. Парламенттин спикери укук коргоо органдары гана бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кантип байыганына баа бере алат деп эсептейт.

«Финполиция Райымбек Матраимовдун үстүнөн иш алып барып жаткан учуру. Иш жүрүп жатат. Эми күтүп туралы. [...] [Матраимовдордун] кылган иш-аракеттерине мен анан сиз баа бере албайбыз. Фактыларга укук коргоо органдары жана мыйзам чекит коёт», — деп айтты Жумабеков.

Ал эгер тергөө жана сот журналисттердин жүйөөлөрүн тастыктаса, анда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тоюна барганы үчүн өкүнөөрүн кошумчалады.

Буга чейин «Азаттыктын» журналисттери иликтөө жарыялап, анда Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн деп айтылган.

Депутат Искендер Матраимов иликтөөнү анын үй-бүлөсүнө каршы «буйрутма» деп атап, журналисттер «көптөгөн так эместиктер жана чоңойтууларды» кетиришкенин айткан.