«Бул эки жүздүүлүк жана укуктук чеги жоктук». Экс-премьер Исаков Жээнбековго кайрылды

Сапар Исаков. Сүрөт: «Апрель»

Мурдагы премьер-министр жана Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү Сапар Исаков 20-июнда Бишкек шаардык сотунун жыйынында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Исаков Бишкек шаарынын жылуулук борборун жаңыртууда ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланган делип жана коррупция боюнча айыпталууда. Ал бир жылдан ашуун убакыттан бери УКМКнын тергөө изоляторунда кармалууда.

Эки жүздүү бийлик

Исаков Жээнбековду Бишкектин жылуулук борборун жаңыртуу боюнча долбоордун айынан «эки жүздүүлүккө» айыптады.

«Жээнбеков [Кытайдын башчысы] Си Цзиньпин менен жолугушуусунда Кытайдын гранттык жардамы Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат деп айтты. Бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча Кытай компаниясынын алдына коюлган максаттар ишке ашпаганын билдирди. Бул эмне? Бул эки жүздүүлүк. Ошондуктан, мен буга көңүл буруп жатам. Өзүңөргө өзүңөр каршы чыкпагыла. Эгерде Кытайдын жардамы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү деп айтсаңыз, анда сотто дагы ошол ойду карманыңыз», — деди Исаков.

Укуктук чеги жоктук

Исаков долбоорго катышы бар болгон мурдагы аткаминерлердин сотун «укуктук чеги жоктук» деп атады. Ал анын соттук процесси бийлик менен эсептешпегендер менен эмне болоорун ачык көрсөтөт деп эсептейт.

«Бизди мыйзамды аткарганыбыз үчүн айыпташууда. Айып корутундусунда Исаков Кытай өкмөтүн “кысмакка” алган дешиптир. Уксаңар, Кытайдын бийлигин “кысмакка алгандайЦ Исаков ким болуп кетиптир? АКШ менен Кытайдын ортосунда соодалык согуш жүрүүдө. Кытай бир жолу дагы өзүнүнүн позициясын берген жок», — деп билдирди мурдагы премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, Атамбаевдин кармалган үзөңгүлөштөрүнө каршы активдүү пропаганда жүрүп жатат — алардан «укмуш коррупционер» кылып коюшкан. Исаковдун айтымында, тергөө алар коррупциядан байып кеткендиги тастыктай турчу бир дагы факт тапкан эмес.

«Бизди айыпташып, муну кызматтан көтөрүлүү үчүн жасаганыбызды айтышты. Жантөрө Сатыбалдиев – пенсионер. Ал үйүндө неберелерин карап отурган, ал премьер болуп бүткөн. Каяктагы карьера? Мен тууралуу да, башкалар тууралуу да ушинтип айтышат», — дейт Исаков.

Исаков ЖЭБди жаңыртуу боюнча долбоорун ишке ашырууда жана келишимге кол коюуда мыйзамдын бардык ченемдери аткарылган деп эсептейт.

Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция

Бийлик жылуулук борборундагы 2018-жылдын январында болгон авариядан кийин Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияны териштире баштаган. Ал учурда Сапар Исаков премьер-министр болуп турган. Депутаттар бийликтин авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон деген билдирүүлөрүнө карабастан, жылуулук борборун жаңыртуу процессин териштирүүнү чечишкен.

Алардын жаңыртууда коррупция болгон делгендиги тууралуу корутундусунан кийин УКМК кылмыш ишин козгогон. Азыр бул иш боюнча Сапар Исаковду, башка экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди, парламенттин депутаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди, мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы, энергетикалык компаниялардын мурдагы жетекчилери Салайдин Авазов менен Айбек Калиевди соттошууда.

Алар кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга жана коррупция боюнча айыпталышууда. Мурдагы аткаминерлердин ишин Бишкектин Свердлов райсоту карап жатат. Лаврова — сот үй камагына коё берген иштин жалгыз фигуранты.