Эки өспүрүм кыз Бишкектен такси менен Оштогу атасына кетүүгө аракеттенген — алар эжесинин ур-токмогуна даттанышууда

Акыйткачы аппаратына 20-июнь күнү кечинде Бишкектин Батыш автобекетиндеги айдоочулар байланышкан. Алар жети жана он бир жаштагы эки өспүрүм кыз Ош шаарындагы атасына алып барып коюуну суранып жатышканын айтышкан.

Автобекетке акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева барып, кыздарды Жаштарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирген.

Кыздар Жамгырчиевага Бишкекте атасынын карындашы менен жашап жатышканын жана эжеси аларды токмоктоп тургандыктан атасына кетүүнү чечишкендерин айтып беришкен.

«11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербөөнү суранган. Айтымында, эжеси аларды “колуна эмне тийсе ошону менен чаап, балдар үйүнө өткөрөм” деп дайыма коркутуп жүргөн», — деп билдирди Акыйткачы аппаратынын басма сөз катчысы Элмира Мадиева.

Жаштарды жана балдарды реабилитациялоо борборунун директору Фатима Алымбекова «Клоопко» билдиргендей, учурда кыздардын абалы жакшы.

«Өспүрүм кыздардын абалы жакшы. Комиссия өз чечимин чыгарганга чейин кыздар ушул жерде болушат. Азыр туугандары менен жашы жете электер менен иштөө инспекторлору келишти», — деди ал.

Акыйкатчынын Оштогу өкүлү Шамбет Касымов кыздардын Отуз-Адыр айылында жашаган атасынын туугандарын тапкан. Атасынын эжесинин айтымында, алардын апасы үч жыл мурун каза болгон. Үй-бүлөнүн жашаганга өз үйү жок болгондуктан, атасы чоң уулун агасына, кичинекей эки кызын карындашына берген.

«Кыздардын атасы азыр Бишкекте иштейт экен. Биз аны менен байланыша алган жокпуз. Бир тууган эжесинин айтымында сиңдиси ал кыздарды жакшы караган. Кыздар каникул убагында Ошко келип турушкан. Азыр алар эмнеге мындай болуп кеткенин түшүнбөй жатышат экен», — деди Касымов.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналисттеринин милициядан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.