Тамашалуу видео тартуу үчүн «Хонданы» Ысык-Көлгө айдап киргизишкен, милиция машинаны айып короого токтотту

Видеодон алынган скриншот

20-июнда интернетте «Хонда» үлгүсүндөгү автоунааны Ысык-Көлгө айдап киргизишкени тартылган видео жарыяланган. Бул тамашалуу тасма тартуу үчүн жасалган. Видеонун сюжети боюнча, машинаны көлгө түшүп жаткан адам тосот. Айдоочу жүргүнчүнү көл үстүндө ыктымал салынган жаңы жол менен Бөкөнбаев айылыны чейин 200 сомго жеткирүүгө макул болот.

Ысык-Көл облустук ИИБинин басма сөз кызматы 21-июнда милиция автоунаанын айдоочусун тапкандыгын билдирди. Унаанын айдоочусу Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Милиция бул жорукту Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, машинаны айып короого киргизди.

«Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол милициясынын тергөө кызматына өткөрүлдү», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Ысык-Көлдүн кумжээк аймагы жаратылыш коргоо аймагы болгондуктан, ал жакка кирүүгө тыюу салынган. Эреже бузуу үчүн үч миңден беш миңге чейин айып пул каралган.