УКМКнын тергөө изоляторунда камакка алынгандар үчүн орун жетишпей жатат

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов. Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы 21-майда Ленин райсотунун отурумунда атайын кызматтын тергөө изолятору толуп калганын билдирди.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынан башчысы Сагынбек Исмаилов соттон Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду ТИЗО-1ге которууну суранды.

Мурдагы калаа башчыларынын адвокаты Сергей Слесарёв өз кардарларын которууга каршы чыгып, УКМКнын суранычын «сандырак» деп атады.

«Бул камактагы адамдарды коркутуш үчүн кылынат. Ал жакта шарттар башкача. Эгер УКМКнын ТИЗОсунун камераларында эң көп дегенде үчтөн адам отурса, ТИЗО-1де 10-12 адам. Ал жакта криминалитет экенин баары эле жакшы билишет», — деп айтты Слесарёв.

Юристтер эгер УКМКнын тергөө изолятору толуп калган болсо соттолуп жаткандарды үй камагына коё берүүнү суранышты. Кулматов авдокаттардын сунушун колдоду, ал эми Ибраимов ага кай жерде отууруунун айырмасы жок экенин айтты.

«Мага кайсы жерде отуруунун айырмасы жок. Кечээки окуяларга караганда, ал жерди маанилүү адамдар үчүн даярдап жатышат», — деди Ибраимов сотко.

Парламент 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилгени колдоду. Эгер Атамбаев бул артыкчылыктан ажыратыла турган болсо, анда аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болот.

Экс-мэрлер мектептерди куруудагы коррупция боюнча айыпталышууда. Мурдагы эки калаа башчысы тең экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү.

Мурдагы мэрлер менен экс-президенттин башка тарапкерлери 2018-жылы жазында Атамбаевдин Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында кармалышкан. Саясатчылардын тиреши бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.