Ош шаарында 23-июнда «Ош Деми» аталыштагы аралыкка чуркоо иш-чарасы болуп өттү. Ага жалпы 800гө чукул жөө күлүк катышты. Уюштуруучулардын айтымында, массалык чуркоо иш-чарасы адамдарды сергек жашоого үндөйт.

Катышуучулар шаардын борбордук аянтында эртең мененки саат 7ден баштап чогула башташты. Старт 8де берилип, жөө күлүктөр үч жана он километр аралыкка жарышышты. Иш-чара «Тонус» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

«Жарнамадан көрүшүп Америка, Түркия, Кытай, Казакстан, Индонезия, ТАР, Уганда сыяктуу мамлекеттерден келген катышуучулар болду. Эң башкы максат — дени сак жашоо образына адамдарды үндөө, ошондой эле улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө», — деди уюштуруучулардын бири Урмат Насыркулов.

Марафондун эң улуу катышуучусу Сатыбалды Хусанов, 60 жаштан жогору категориясында экинчи орунга жетишти. Ал чуркоо менен дайыма машыгып келет. Буга чейин Ош шаарынан Ташкентке чейин чуркап барган.

«Мен ар дайым мындай жарыштарга катышып турам. Бул жолкусуна да даярданып келдим. 2008-жылы Бишкектен Ошко жалгыз чуркап келгем», — деген аксакал шаар тургундарын спорт менен машыгууга чакырып өттү.

Аралыкка чуркоо жарышына 300гө жакын кыз-келин катышса, алардын көпчүлүгү биринчи жолу катышып жаткандарын айтышты.

«Бул иш-чараны көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Ош шаарында болот дегенде аябай кубанычта болдук. Алдын ала даярдандып, машыгып жүрдүм. Эртең менен чуркап турам, ошол үчүн мага жеңил эле болду», — дейт Гүзел.

Спортчулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында калаанын Ленин жана Исанов көчөлөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан үч саатка жабылды.

Өз категориясында байгелүү орундарга жетишкендер, акчалай сыйлыктарга жана демөөрчүлөр даярдаган белектерге ээ болушту. Сыйлоо аземи концерттик программа менен коштолду. Массалык чуркоо иш-чарасы Ош шаарында алгачкы жолу өттү.